Президент Садыр Жапаров «Кыргыз Республикасынын 2022-жылга республикалык бюджети жана 2023-2024-жылдарга болжолу жөнүндө» мыйзамга кол койду. Мыйзамды Жогорку Кеңеш былтыр 22-декабрда кабыл алган. 2022-жылга консолидацияланган бюджет 403,9 млрд сом деп бекитилди. Быйыл республикалык бюджеттин жалпы кирешеси 282,1 млрд сом болсо, чыгашасы 291,2 млрд сомду түздү. Өлкөнүн бюджеттик саясатынын негизги багыттары конкреттүү жыйынтыктарга алып келеби? Темага алдыда кененирээк токтолобуз.
Мамлекеттик бюджет – мамлекеттин кирешелери менен чыгымдарынын жыл сайын түзүлүүчү сметасы. Ал мамлекеттик киреше булактарын көрсөтүү жана чыгымдардын багыттарын аныктоо аркылуу түзүлөт. Мамлекеттик бюджетти өкмөт иштеп чыгып, мыйзам чыгаруу бийлиги карап, президент бекитет. Бюджет укуктук акт түрүндө кабыл алынып, анда кирешелерди түшүрүү планы жана чыгаша чектөөлөрү каралат. Ошондой эле пландаштырылган мөөнөт ичинде мамлекеттик карыздардын тийиштүү көлөмү көрсөтүлөт.
Бюджетте кирешеден чыгаша көп болсо дефицит, ал эми тескерисинен болсо, профицит жаралат.
Кыргызстандын 2022-жылга консолидацияланган бюджети 403,9 млрд сом деп бекитилди. Казынанын жалпы кирешеси 282,1 млрд сом болсо, чыгашасы 291,2 млрд сом. Ошентип, 2022-жылга республикалык бюджеттин таңкыстыгы 9,1 млрд сомду түзөт. Бул тууралуу Каржы министрлигинин Бюджеттик саясат бөлүмүнүн башчысы Талас Айдарбек уулу төмөнкүлөрдү билдирди:
«Консолидацияланган бюджет — жөнөкөй тил менен айтканда жалпы, бириктирилген бюджет дегенди түшүндүрөт. Ал 403,9 млрд сомду түзөт. Бул көрсөткүч төмөнкүдөй түшүүлөрдөн турат: Мамлекеттик бюджеттин салыктык кирешелери 252,5 млрд сом, салыктык эмес кирешелер 36,3 млрд сом, гранттар 16,4 млрд сом. Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун жана социалдык фонддун кирешелери 43 млрд сом. Ошону менен биз ресурстук жакка бюджеттик соодаларды кайтаруу, мамлекеттик баалуу кагаздарды чыгаруу боюнча түшүүлөр жана тышкы жактан келген каражаттар да кирет. Бул болсо, 55, 7 млрд сом».
Өлкөнүн 2022-жылга бюджетинин долбоорун Жогорку Кеңеш былтыр 22-декабрда кабыл алган. Жогорку Кеңештин VI чакырылышынын Бюджет жана финансы боюнча комитетинин төрагасы, депутат Эмил Токтошев бул жылдын бюджети өткөн жылга салыштырмалуу 94 млрд сомго ашык кабыл алынганын белгилеп, кошумча түшө турган 94 млрд сомдун жарымын салык кызматы, экинчи бөлүгүн бажы кызматы толтурмай болгонун айтты.
«2022-жылдын бюджетин 282,1 млрд сом киреше менен кабыл алдык. Бул өткөн жылдын бюджетине караганда 94 млрд сомго көп. Ошол эле мезгилде бюджеттин таңкыстыгы 9,1 млрд сом болуп бекилди. Кошумча түшөрү пландалган сумма негизинен айлыкты көтөрүүгө кетти. Анан биз комитеттен карап, онкология жана башка түрдүү оорулардын алдын алуу үчүн Саламаттыкты сактоо министрлигине 1 млрд сом бөлүп берүүнү суранганбыз. Бул бюджетке киргизилди. Андан сырткары капиталдык салымдарга 1 млрд сом сураганбыз, анткени көптөгөн бала бакчалардын жана мектептердин курулушу бүтпөй калып жатат, ошону карап беришти. Калгандары айлыкты көбөйтүүгө каралган. Пенсияны көтөрүү да планда бар. Негизинен кошумча түшө турган 94 млрд сомдун жарымын салык кызматына, экинчи бөлүгүн бажы кызматына бөлүп коюшту. Эгерде бул эки кызмат көмүскө экономиканы жоюп, белгиленген сумманы бюджетке түшүрсө, өтө жакшы, бирок тобокелдиктер да бар».
Мамлекеттик бюджет өлкөнүн өнүгүшүнүн кандайдыр бир деңгээлинде киреше менен чыгашалардын эсебин туура пландуу бөлүштүрүү зарылчылыгынан пайда болгон. Мамлекеттик бюджет бюджеттик-салык жана акча-кредит мамилелеринин ажырагыс бөлүгү катары экономиканы жөнгө салуунун негизги куралы болот. Ал бөлүштүрүүчү, турукташтыруучу жана көзөмөлдөөчү милдеттерин аткарат.
Учурда экономикадагы абал оор, көмүскө экономика менен күрөшөбүз деп жаңы салык кодексин киргизип алганы шашылыш саясий чечим болду деп эсептейт экономист Жеңишбек Байгуттиев. Анын пикиринде, салыктын түйшүгүнүн баары бизнестин мойнуна түшүшү мүмкүн.
«Билесиңер, жакында эле бажынын башчысын коррупцияга шектеп камашты. Бюджетти 289 млрд деп айтып жатышат, аны толтура алышабы, албайбы, мына ошол маселе. Жакында эле Казакстанда болгон окуялардан кийин Кытайдын товарларынын көпчүлүгү Кыргызстан аркылуу кете баштады. Анткени Казакстанга кирген товарды мурдагы президенттин иниси Болот Назарбаев көзөмөлдөп келген. Азыр ошол Назарбаевдердин бийлиги кулап, Кыргызстанга күнүнө 180ге жакын унаа кирип жатканы айтылууда. Мурда 30 машина өтүп жаткан. Ошондуктан Бажы тармагынан төлөмдөр көбөйүшү мүмкүн. Ал эми жалпы салык боюнча төлөмдөрдүн көбөйүшү бир чети күмөн. Анткени байкап турсак, айыл чарбанын, курулуштун кирешеси түшүп кетти. Өндүрүш өстү деп айтып жатышат, кайсы жактан өскөнүн изилдөө керек. Ошондуктан ошол бюджетти толук чогултаарына менде күмөн бар. Айтып коюу керек, азыр бизде ишкерлердин абалы начар, өлкө тургундарынын көпчүлүгү Орусияга кетип жатканы маалым».
2023-2024-жылдары республикалык бюджеттин кирешеси 312,2 млрд сомду, чыгашасы 303,8 млрд сомду түзөт. Ал эми 2023-жылга бюджеттин таңкыстыгы 7,7 млрд сом болору, ал эми 2024-жылы бюджеттин профицити 8,3 миллиард сомго жетери болжолдонууда.