Биз менен байланышыңыз

Президенттин бир катар жарлыктары күчүн жоготту деп табылды

Кыска кабар | 19 Янв 2022 | 242 | 0

Президент Садыр Жапаров «Кыргыз Республикасынын Президентинин айрым жарлыктарын күчүн жоготту деп таануу жөнүндө» жарлыкка кол койду. Бул тууралуу Президенттин администрациясынын маалымат кызматы билдирди.

Бул жарлык менен президенттин жарлыктарынын тиешеси жок же мыйзам актыларынын жоболоруна карама-каршы келген бир катар жарлыктары күчүн жоготту деп таанылат.

Мындан сырткары Садыр Жапаров кол койгон тескемеге ылайык президенттин 269 тескемеси күчүн жоготту деп таанылат.

Бул чаралар бюрократизмден арылуу жана тез арада чечимдерди кабыл алууга тоскоолдук кылган кайталанган, эскирген ченемдик укуктук актыларды аныктоо үчүн ченемдик укуктук актыларды масштабдуу инвентаризациялоонун алкагында кабыл алынган.

Бул жарлыкка жана тескемеге кол коюу Кыргызстанда бизнес үчүн шарттарды жакшыртууга багытталган.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM