Биз менен байланышыңыз

Транспорт министрлигине караштуу Жол фонду түзүлдү

Кыска кабар | 19 Янв 2022 | 182 | 0

Транспорт жана коммуникациялар министрлигине караштуу Жол фонду түзүлдү. Тийиштүү чечимге министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров кол койду.

Аталган чечим Транспорт жана коммуникациялар министрлигине коюлган милдеттерди натыйжалуу ишке ашыруу, жакшы жыйынтыкка жетишүү үчүн жоопкерчиликти жогорулатуу максатында кабыл алынган.

Мунун алкагында министрликтин алдында Жол фонду жана «Кыргызавтожол» мамлекеттик ишканасы түзүлдү.

«Кыргызавтожол» мамлекеттик ишканасы жол курулуш тармагындагы бир катар ишканалардын укук мураскери болуп саналары айтылат маалыматта.

Андан тышкары министрликке караштуу мекемелердин жаңы устав-жоболору бекитилди.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM