Биз менен байланышыңыз

Казакстанда дайынсыз жоголгон кыргызстандык табылды

Кыска кабар | 19 Янв 2022 | 156 | 0

Казакстанда жоголгон кыргызстандык Чолпонбек Сыдыковдун эки буту жана үч кабыргасы сынган абалда табылды. Бул тууралуу Кыргызстандын Казакстандагы элчиси Дастан Дюшекеев билдирди.

Дюшекеев Сыдыковдун жакындары менен байланышканын, ал эртең Бишкекке жөнөтүлөрүн белгиледи.

«Ал учурда досунун үйүндө. Арыз жазып берди. Ур-токмокко кабылганын жана жарадар болгонун дароо каттоого алууну суранды. Видеодо ал полиция кызматкерлери документтерди текшерүү учурунда сабаганын айтты», — дейт элчи.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM