Connect with us

«Кыргыз фондулук биржасы» өткөн жылдын жыйынтыгын чыгарды

Экономика | 19 Янв 2022 | 1073 | 0

2021-жылы «Кыргыз фондулук биржасы» (КФБ) жалпы 9 млрд сомго 2 миңден ашык компания менен келишим түзгөн. Анын ичинен 9 млрд сомдук акцияларга, 22 млн сомдон ашык мамлекеттик баалуу кагаздарга, 343 млн сомдук корпоративдик баалуу кагаздарга жана келишимге кол койгон. Мындан сырткары мекеме ишин өнүктүрүү максатында дүйнөлүк биржаларды бириктирген Туруктуу фондулук биржалар демилгесине кошулган.

«Кыргыз фондулук биржасы» 2021-жылы листингдик компаниялардын баалуу кагаздары (облигация) менен 1108 келишимге кол койду. Алардын соода көлөмү 3 миллиарддан ашык сомду түздү. 2020-жылы бул көрсөткүч 5 миллиардга жакын сомду түзүп, 2021-жылы өткөн жылдан 994 млн сомго азайган.

2021-жылдын ичинде жалпы суммасы 6 миллиард сомдук листингден тышкары компаниялардын баалуу кагаздарынын 900 бүтүмү катталган. 2020-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу катталган операциялардын көлөмү 1 млрд сомго азайган.

Листинг – баалуу кагаздарды фондулук биржага киргизүү дегенди билдирет.

«Кыргыз фондулук биржасынын» президенти Медет Назаралиев Кыргызстандын биржасына инвесторлорду тартуу үчүн АКШнын тажрыйбасында колдонулган жаңы листинг категориясы киргизилгенин айтты.

«2020-жылы 11 млрд 830 млн сомдук соода көлөмүнө жетиштик. Бул көрсөткүчтүн өсүшүнө эмне себеп болду? Листинг тизмесинде турган компаниялардын көбү өзүнүн уставдык капиталдарын көбөйттү. Ошондой эле 2021-жылы корпоративдик облигациялар менен 343 млн сомго 830 келишим түзүлгөн. Бул кыргызстандык жеке компаниялардын биржага чыгып, инвестиция тартып келгендеги көрсөткүчү, ал 2019-2020-жылдарга караганда жогорулады. Бүгүнкү күндө бизнес тармагында «биржа аркылуу да инвестиция тартып келүүгө болот» деген жаңы түшүнүк пайда болду. Ошондой эле листингди өнүктүрүү алкагында «Кыргыз фондулук биржасы» компанияларга инвестицияларды тартуу жана фондулук биржада листинг аркылуу фондулук рынокко чыгуу максатында коммерциялык банктардын, чакан жана орто бизнестин өкүлдөрү үчүн жолугушууларды, семинарларды уюштурдук».

2021-жылы «Кыргыз фондулук биржасында» жаңылануу жана санариптештирүү аракеттери болду. Ишкана Будапешт эл аралык фондулук биржасы, Москва жана Санкт-Петербург эл аралык товардык-сырьелук биржасы менен өнөктөштүктү күчөттү. Мындан сырткары өз ара кызматташуу жөнүндө келишимдерге жана меморандумдарга кол коюлду. Анын алкагында Кыргызстанга инвестиция тартуунун жаңы каржылык жолдору даярдалып жатат.

«Кыргыз фондулук биржасы» товардык биржа жөнүндөгү мыйзамды кайра башынан жазып чыгууну пландап жатканын айтат мекеменин президенти Медет Назаралиев.

«Мыйзамдарды инвентаризациялоого биз да активдүү катышып жатабыз. 1991-жылы жазылып чыккан товардык биржа жөнүндөгү мыйзам жараксыз. Кыргызстанда жалпысынан 20га ашык товардык биржа ачылган. Бир да мыйзам таасирин тийгизип, иштеген эмес. Себеби мыйзамдагы стандарттар эл аралык талаптарга жооп бербейт. Учурда Экономика министрлиги менен бул боюнча иштешип жатабыз. Коңшу мамлекеттерди карап көрсөк, 2021-жылы Өзбекстандын товардык биржасында 5 млрд доллардан ашык соода иши жүргүзүлгөн. Ал эми Казакстандын биржа товардык тизмесиндеги 10дон ашык товар бир гана товардык биржада сатыкка чыгат. Мисалы, газ, нефть жана ГСМ тармактарындагы товарлар».

«Кыргыз фондулук биржасынын» директорлор кеңешинин төрагасы Тилек Эралиев каржылык сабаты жок ишкерлер да бар экенин айтат.

«KФБ Бириккен Улуттар Уюмунун туруктуу өнүгүү максаттарына жетишүү үчүн дүйнөлүк биржаларды бириктирген Туруктуу фондулук биржалар демилгесине кошулду. Мунун алкагында ишкер инвесторду тартып келүүдө үч талапты эс алышы керек: биринчиси, чыгарган өндүрүмүнүн экологияга тийгизген таасирин изилдеши керек; экинчиси, социалдык өнүгүү, тактап айтканда, ишкананын жетекчилиги кызматкерлердин иш жөндөмүнө маани бериши керек; үчүнчүсү, корпоративдик башкаруу, тагыраагы, башкаруунун алдыңкы тажрыйбаларын колдонушу керек. КФБ өлкөдөгү компаниялардын арасында бул тажрыйбаны илгерилетүүнүн жана ишке ашыруунун багыттарын аныктады. Мындан сырткары листинг багытында текшерүүчү комитеттин курамын өзүнүн ишин мыкты билген адистер менен толуктадык. Бул акционерлердин жолугушуусунда жана директорлор кеңешинде объективдүү, сапаттуу чечимдердин кабыл алынышына жардам берет».

Мекеменин басма сөз катчысы Аида Мамбеткулова каржылык сабатын жоюуну каалаган ишкерлерге жана жөнөкөй жарандарга «Кыргыз фондулук биржасы» ар тараптуу жардам көрсөтөрүн айтты.

 «Атайын «Кыргыз фондулук биржасы» сайты бар. Ал жерде байланыш номерлер жазылып турат. Биржада атайын окуу борбору ачылган, анда каржы рыногу, каржылык сабат боюнча ар кандай тренингдер жана окутуулар өткөрүлөт. Окуу үчүн, маалымат алуу үчүн баары катыша алат. Эки-үч айда бир жолу атайын окуу курстары да өткөрүлүп турат. Ошондой эле биржанын сайтынан да бул боюнча толук маалымат алууга мүмкүн. Көпчүлүк сайт аркылуу кирип, өзүнө керектүү маалыматтарды алып турушат. Бул ишкерлерге да жеңил болот. Инвесторлорду издөө сыяктуу маалыматтарга да ээ болушат».

«Кыргыз фондулук биржасы» 2021-2025-жылдарга Өнүгүү стратегиясын кабыл алган. Анын максаты биржаны тездетилген комплекстүү жана туруктуу өнүктүрүүнү камсыз кылуу, биржа инфраструктурасынын технологиялык деңгээлин жогорулатуу болуп саналат.

Copyright © 2017 Maral FM