Биз менен байланышыңыз

Байсалов: Президент Имановдун жетишкендигин көрүп, кызмат тапшырып жатат

Кыска кабар | 19 Янв 2022 | 2643 | 0

Бүгүн, 19-январда Жогорку Кеңештин кезектеги отуруму өтүүдө. Отурум саат 10:00дө башталып, биринчи маселе катары санариптик өнүктүрүү министринин кызмат ордуна Талантбек Имановду дайындоого макулдук берүү маселеси каралды.

Бирок үч депутат ал маселени кароону күн тартибинен алып салууну сунушташты.

Мунун себеби катары депутаттар талапкерди Министрлер кабинетинен жооптуу адамдар келип, кепилдик берилиши керектигин белгилешип, «Сунушталып жаткан министрге ким кепилдик берет?» деген суроо салышты.

Андан соң министрлер кабинетинин орун басары Эдил Байсалов келип, Имановдун сүрдөп, өзүн жакшы тааныштыра албай жатканын, бирок анын акыркы жылдарды жасаган эмгектерине президент Садыр Жапаров ишенип, талапкерлигин сунуштаганын айтты.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM