Биз менен байланышыңыз

Бишкекте гендердик теңчилик маселеси талкууланды

Коом | 18 Янв 2022 | 712 | 0

Бүгүн Бишкекте БУУнун Аялдар түзүмү жана International Alert уюмдары тарабынан форум уюштурулуп, гендердик зомбулуктун алдын алууну, аялдардын мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүүнү жана инсандык өнүгүүнүн ролун талкуулашты. Катышуучулар бул жаатта идеяларын сунушташты. Иш-чарага Борбор Азия өлкөлөрүнөн да өкүлдөр онлайн катышты.

Кыргызстанда гендердик зомбулук — чечилбей келе жаткан олуттуу көйгөйлөрдүн бири. Адистердин айтымында, айрыкча пандемия убагында зордук-зомбулук көбөйгөнү байкалган.

International Alert уюмунун Кыргызстандагы өкүлү Шакират Токтосунованын пикиринде, коомдун аң-сезими өзгөрмөйүнчө, зомбулук азайбайт.

«Бүгүнкү иш-чарага министрликтердин өкүлдөрү, белгилүү ишкерлер, активисттер жана эксперттер келген. Тарыхчылар, теологдор, академиктер да коомдук биримдикти камсыздоо маселеси боюнча өз пикирлерин айтып жатышат. Алар гендердик зомбулуктун алдын алуу максатын көздөгөн идеяларды талкуулашты. Пандемия башталгандан бери үй-бүлөлүк зомбулукка туш болгондор көбөйдү. Бул эмне себептен болууда? Жыйырма жылдан бери ушундай көйгөйлөрдүн чечүү жолдорун издеп келебиз. Зомбулук маселеси бүгүнкү күнгө чейин коомдогу актуалдуу маселе катары келе жатат. Бүгүнкү форумду БУУнун Аялдар түзүмү менен биргеликте уюштурдук. Буга чейин да бул теманын алкагында бир топ талкууларды өткөргөнбүз. Натыйжада коомдун аң-сезими өзгөрмөйүнчө, бул көйгөйдүн чечилиши кыйын болот деген пикирге келдик».

Укук коргоочулар өз укугун так билбегенден улам да зомбулукка кабылган аялдар жок эмес экенин билдиришет.

«Балдар укугун коргоо лигасынын» жетекчиси Назгүл Турдубекова үй-бүлөлүк зомбулукту болтурбоо үчүн ар бир адамдын билим деңгээли, аң-сезими, ой жүгүртүүсү жогору болушу керек деп эсептейт.

«Азыркы учурда зордук-зомбулукту жок кылуу үчүн алдын ала бир топ иш-чараларды жүргүзүү керек. Зомбулуктун азайбай жатканынын себеби: көп учурда жумушсуздук, мыйзам чегинде кандай укуктары жана милдеттери бар экенин билбегендик. Мындан сырткары билим деңгээли төмөн адам ушундай аракетке барат. Билимсиз адам өзүнүн турмушун, үй-бүлөсүн сапаттуу деңгээлге көтөрө албайт. Ошондуктан үй-бүлөдө эркек да, аял да билимдүү, аң-сезими кенен болсо, алар зомбулукка барбайт. Ошондой эле коомдун интеллектуалдык деңгээлин да көтөрүү маанилүү. Адам канчалык илимдүү-билимдүү болсо, ошончолук интеллекти жогору болот. Ар бир ата-эне балдарын да билим алууга үндөшү керек».

Быйыл Министрлер кабинети зомбулуктан жабыркаган аялдардын жана кыздардын кызыкчылыгын коргоону күчөтүү максатында аялдар кризистик борборлорун каржылоону үч эсе көбөйтүп, 20 млн сомго чейин бөлө турган болгон.

«Роза Отунбаеванын демилгелери» коомдук фондунун аткаруучу директору Догдургүл Кендирбаева айрымдар гендердик теңчилик деген сөздүн маанисин түшүнбөй, туура эмес кабыл алып жатышканын айтат.

«Бул дүйнөлүк терминден келген сөз. Эркек менен аялдын коомдогу социалдык ролдору деп аталат. Бул жерде коркунучтуу эч нерсе жок. Кыргыз элинде гумандуу, аял-эркекке бөлбөгөн салттык баалуулуктар болгон. Өлкөгө саясий кооптуу иш келгенде аялдар да кошо туруп, бирдей коргошкон. Бүгүнкү күндө эркек-аялдын жоопкерчилиги да бирдей бөлүнгөн. Азыр үй-бүлөлүк баалуулуктар өтө алсыз. Кичинекей балдарга төрөлгөндөн баштап зомбулуксуз жашоо чөйрөсүн түзүү жоопкерчилиги ата-энеден сыртта калып жатат. Ар бир нерсе үй-бүлөдөн башталат. Балага да кичинекей кезинен керектүү тарбияны берүү керек. Ошондой эле зомбулуктун алдын алуу үчүн ар кандай булактар аркылуу маалымат таратып туруу керек. Бир канча убакыт өткөндөн кийин элдин аң-сезимине сиңип, коом өзгөрө баштайт».

Форум Кыргызстанда 2010-жылдан бери иштеп келе жаткан International Alert уюму, БУУнун Аялдар түзүмү тарабынан уюштурулган.

Copyright © 2017 Maral FM