Биз менен байланышыңыз

Акыйкатчы Тажикстанда соттолгондор боюнча Башкы прокуратурага кайрылды

Кыска кабар | 18 Янв 2022 | 244 | 0

Акыйткачы институту тажик күч органдары тарабынан кармалган Баткендин Лейлек районунун эки тургунун алып келүү боюнча Башкы прокуратурага кайрылды.

Бул тууралуу аталган мекемеден кабарлашты.

Лейлек районунун тургуну Н.А. аттуу тургуну Акыйкатчынын орун басары Альберт Колоповдун кабыл алуусунда болуп, жолдошу А.С. жана агасы С.Н.нын укуктарын коргоп берүүнү өтүнгөн.

Кайрылууда айтылгандай, 2021-жылдын 16-сентябрында эки кыргызстандык тургун Тажикстандын Улуттук коопсуздук комитети тарабынан кармалган. Арыз ээси жакындарын коңшу мамлекеттин аймагында калтыруу кооптуу деп эсептегендиктен, жаза мөөнөтүн андан ары өтөө үчүн Кыргызстанга которууга көмөк көрсөтүүнү өтүнгөн.

Акыркы маалыматтар боюнча, аларга биринчи инстанциядагы сот өкүмү чыгып, ага ылайык С.А. 18 жылга, ал эми Н.С. 2 жылга эркинен ажыратылган.

Акыйкатчы институту жогоруда аталган адамдарды экстрадициялоо мүмкүнчүлүгүн кароо өтүнүчү менен Башкы прокуратурага кайрылды.

Copyright © 2017 Maral FM