Биз менен байланышыңыз

Мигранттарга иш таап берүүнү өкмөт колуна алды

Коом , Экономика | 17 Янв 2022 | 1164 | 0

Кыргызстанда чет жердеги жарандарды ишке орноштуруу борбору түзүлдү. Борбор аркылуу мигранттар Корея, Орусия, Түркия, Бириккен Араб Эмираттары дагы башка мамлекеттерден жумуш таба алат. Мекеме Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигине караштуу түзүм болуп саналат.

Өкмөт бул мекеме аркылуу мигранттардын жана алардын үй-бүлөсүнүн укугун коргоону максат кылышканын билдирди.

Аталган борбордун директорунун орун басары Алмаз Алымбаев мекеме мигранттардын чет жакта мыйзамдуу түрдө иштешине шарт түзүп берерин айтты.

«Борбордун түзүлүшүнүн негизги максаты кыргызстандык жарандардын чек мамлекеттерде жумушка орношуусуна көмөк көрсөтүү болуп саналат. Мындан сырткары коопсуз миграцияны камсыз кылуу да каралат. Ишке орношкон жарандардын барган мамлекетинде мыйзамдуу жүрүүсүнө негизделген. Бул боюнча Корея Республикасы менен өкмөттөр ортосунда меморандумга кол коюлган. Ошондой эле Орусия, Түркия, Бириккен Араб Эмираттары, Казакстан мамлекеттери менен да келишим түзүлгөн. Япония менен түзүлгөн келишим пандемияга байланыштуу убактылуу токтоп турат. Орусиянын ар кандай секторду камтыган жетимиштен ашык иш берүүчүлөрү менен келишим түзүлдү. Кореяда өндүрүш тармагында иштегенге мүмкүнчүлүктөрү бар. Айлыгы 2 миң доллардан жогору».

Кыргызстанда пандемия учурунда көптөгөн эмгек мигранттары чет жакта ишсиз калып, мекенине келген. Бирок өлкө бийлиги жумуш орундарын түзүп бере алган эмес. Айрыкча Орусияда иштеп жүргөн мекендештердин көбү кайра кетишкен.

Эмгек мигранттары менен иш алып барган «Замандаш» ассоциациясынын төрагасы Майрамбек Жапанов борбор буга чейин башка аталышта иштеп келгенин айтты. Эгер мекеме баштапкы нугунда ишин улантса, мигранттар үчүн пайдасы жок экенин айтууда.

«Негизи бул борбордун түзүлгөнү жакшы, керектүү нерсе. Бирок бир маселе бар. Бул борборду түзүү менен алдыга кандай максаттарды коюшту? Анткени буга чейин башка аталышта, консультативдик багытта деп иштеп келген. Мурда деле эмгек мигранттарын чет жакка жумушка орноштуруу боюнча иш алып барган мекеме болчу. Эгерде борбордун ошол убактагы макамынан азыркы деңгээли жогору көтөрүлсө, өзгөчө макам берилсе, жакшы жыйынтык болот. Ал кандай макам болушу мүмкүн? Борбордун өз алдынча башка мамлекеттер менен кызматташуусу үчүн автономдуу түрдө укук, милдеттери берилиши керек. Ал эми мурдагыдай эле иш алып барып, аталышын эле өзгөртүп коюу менен алдыга жылыш болбойт. Борбор аркылуу алгылыктуу, көрүнүктүү иштер да аткарылбай калат».

Эмгек мигранты Сыдык Исиров өкмөттө түзүлгөн борбор тууралуу пикирин айтып, эң биринчи кезекте эмнелерге көңүл буруу керектигин сунуштады.

«Мигранттарды ишке орноштуруу борборунун түзүлүшү — учурдун талабы. Чет өлкөгө барып, өз алдынча кайсы бир жумушка орношуп, айлыгын алалбай жүргөн мигранттар толтура. Же болбосо кырсыктап калса, компенсация алалбай жаткандар да бар. Эмгек келишими жок жумушка орношуп, 2-3 ай иштеп, айлыгын албаган мекендештерибиз да жок эмес. Эгерде мамлекет тарабынан ушундай борбор түзүлгөн болсо, өздөрү жумуш сунуштап, шарттарын түзүп берсе жакшы. Кандайдыр бир кырсык болуп калса же мигрант иштеген фирма банкрот болсо, булардын баарын мамлекет өз мойнуна жоопкерчилик катары алышы керек. Ошондой эле компенсация төлөп бериши керек. Мамлекет ар бир мигрантты мыйзамдуу түрдө жумушка киргизүүсү зарыл».

Маалыматтарга караганда, бүгүнкү күндө борбордун эки филиалы Бишкек жана Ош шаарында иштеп жатат. Ошондой эле түз байланыш телефондору же расмий сайты аркылуу кенен маалыматтарды алууга болот.

Copyright © 2017 Maral FM