Биз менен байланышыңыз

Президент «Асман» шаары тууралуу: Жерлер инвесторлорго бөлүнүп берилет

Кыска кабар | 17 Янв 2022 | 728 | 1

«Асман» шаарын курууга мамлекеттик бюджеттен акча коротулбайт. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров «Вечерний Бишкек» басылмасына курган маегинде билдирди.

Анын айтымында, шаарга болжол менен 20 миллиард доллардын тегерегинде акча кетет. Ошондуктан ички жана тышкы инвесторлорго жерлер бөлүнүп берилет. Алар салат жана өздөрү сатат.

«Асман» шаарына казынадан бир тыйын коротпойбуз. Корото турган акчабыз да жок. Бул шаарга болжол менен 20 миллиард доллардын тегерегинде акча кетет экен. Ошондуктан биз өзүбүздүн ички жана тышкы инвесторлорго жерлерди бөлүп беребиз. Алар салат жана өздөрү сатат. Пайдасын өздөрү көрөт. Мамлекет болгону 10 пайызга чейин квартира менен алабыз дагы ипотекалык компания аркылуу элге беребиз. Эгер мамлекетибизде 20 миллиард доллар акча болгондо өзүбүз салып, 10 жылдан кийин бирге бир кылып, 20 миллиард доллар таза киреше чыгарып алмакпыз. Өзүбүз сала албагандан кийин салабыз деп жаткан инвесторлорго берели. Азыр башкы план иштелип жатат. Ал деле 1-2 жылда араң бүтчүдөй. Ал шаар башталып кетсе эң аз 200 миң адамга жумушчу орун пайда болот. Экологиялык таза шаар салынат. Бардык долбоорлорун, дизайндарын, иштин жүрүшүн өзүбүз көзөмөлдөп турабыз. Астана деле ушундай метод менен курулган» , -дейт Жапаров.

Президент мындан тышкары, бийлике келген биринчи күндөн баштап эле өлкөдөгү чоң-чоң долбоорлорду изилдегенин айтат. Анын ичинде Ат-Башыга салынбай калган логистикалык борбор да бар.

«Толук изилдеп чыксам бул долбоор биздин мамлекет үчүн, эл үчүн 100 пайыз пайдалуу долбоор болгон экен. Ал жерде ширеңкеден баштап электромобиль чыгарган заводдорго чейин салынмак экен. 25-30 миң жумуш орун түзүлмөк. Анан Ат-Башыга барып, эл менен жолугушуп түшүндүрүп айтып берсем, эл туура түшүндү да, салгыла деди. Азыр эми инвестор жок. Бул жерге салчу акчабызды башка долбоорлорго жумшап салдык эле деп олтурушат. Эми тескерисинче болуп калды. Эл макул, инвестор каршы. Асман шаары боюнча да ушундай болуп калбашы керек. Ат-Башы логистикалык борбору талкууланып жаткан убакта мен камакта элем. Мен деле эл тарап болуп, каршы пикирде болчумун. Анткени бийлик элге толук түшүндүрүү иштерин жүргүзө алган эмес. Эгер толук түшүндүрүү иштерин жүргүзгөндө, эл деле туура түшүнүп, логистикалык борбор салынып калмак экен», — деп айтылат Жапаровдун маегинде.

2021-жылдын 21-октябрында Ысык-Көлдөгү «Асман» экологиялык таза шаарын куруу боюнча мамлекеттик дирекция түзүлгөн. Тийиштүү токтомго Министрлер кабинетинин мурунку төрагасы Улукбек Марипов кол койгон.

Жакында эле ишкер Тимур Файзиев жаңы курула турган «Асман» шаарынын долбоорунун жетекчиси болуп дайындалганын өзү жарыялап, коомчулукта нааразы пикирлерди пайда кылган.

Файзиевдин айтуусунда, «Асман» шаарын куруу 5-8-жылга пландалган. Учурда ири инвесторлор менен сүйлөшүүлөр жүрүп жатканын, жаңы калаа 500 миң адамга ылайыкталып курула турганын да кошумчалаган.

1 пикир

1 пикир

  1. Айдар

    19.01.2022 22:37

    Озунор сала албасанар дагы жерди элди сатпвй токтой тургулада же шаарды курганда жыргап кетесинерби может пара аласынар башка выгода коргон жокмун шаарды салам деген жанагынын атын унутуп калдым кытайларга берип чайнатаун курдуртканга ал предатель душман андайларды атыш керек Кыргызстанды кытай кылгысы бар

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM