Биз менен байланышыңыз

Ош: Наркология борбору менен психикалык ден соолук борбору бириктирилди

Кыска кабар | 16 Янв 2022 | 1297 | 0

Саламаттык сактоо министрлигинин жаңы демилгелеген реформасынын негизинде Ош облусундагы наркология борбору менен Ош облустук психикалык ден соолук борбору бирикти.

Жогоруда аталган медициалык жайлар Ош облустук психиатрия жана наркология борбору болуп бириктирилгени менен олуттуу өзгөрүүлөргө дуушар болгон жок. Ошол эле бюджет жана керебет орундар болот деп айтты Ош облусунун психикалык жна наркология борборунун орун басары Нурланбек Акпышаров.

«Бизде мурда кандай багытта иштер жасалса, азыр деле бардык дарыгерлер, ошол эле кызматкерлер, кызматтар  ишин өзгөртүүсүз уланта беришет. Мурдагы аталышыбыз «Ош областтык психикалык ден соолук борбору» калк арасында психикалык саламаттыгы бузулган бейтаптарды карачубуз, ал эми экинчи жагы «Ош областтык, областтар аралык наркология борбору» бул аракечтик жана наркоманиядан жабыркаган адамдарды кабыл алып, реабилитация жүргүзүүчү мекеме болчу. Ал эми айлык-маяна маселесине келсек административдик башкаруу бөлүмүнүкү көтөрүлдү. Бул нерсе мисалы, биздин алган айлыгыбыз 7 миң сом болсо жумуштан сырткары, келтирилген оорчулук үчүн, айлыктан сырткары дагы 50%ы кошумча төлөнүп берилет деген сөз.
Эки борбордун биригүүсүнүн жакшы жери карапайым калк үчүн да өзгөчө шарт түздү. Себеби, айрым юридикалык документ иштерине психиатрия борборунан, наркология борборунан өз-өзүнчө маалым кат (справка) алуусу керек болгон учурлар бар эле, ал үчүн эки башка жерге барып, архивди издеттиргенге да көп убакыт кетчү, азыр болсо бир жерден алат жана биз архивдеги маалыматтардын баарын электрондук каттоо системасына киргизип бүттүк.
Бул мүмкүнчүлүктөрдүн баары бизге жана калкка да өтө ыңгайлуу шарт болду деп айта алам. Ошондой эле  жаңы түзүлгөн борбордогу орундардан дагы кыскарган жок»— деп айтты.

Белгилей кетсек, Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев  ооруканалар менен бейтапканаларды оптимизациялоо иштери жүргүзүлөрүн маалымдаган. Медициналык мекемелердин административдик штатын кыскартыларын айтып, анда медикызматкерлери баары ордунда калаарына  убада берген.

Ооруканаларды оптимизациялоо өкмөттүн «Дени сак адам — өнүккөн өлкө» аттуу беш жылдык программасынын алкагында өтөт. Ага ылайык, бейтапканалар аймактык ооруканалар жана мамлекеттик санэпидкөзөмөл аймактык борборлору менен бириктирилет.

Copyright © 2017 Maral FM