Биз менен байланышыңыз

COVID-19: Ошто «кызыл зонада» дарыланып жаткандардын арасында 3 наристе бар

Кыска кабар | 16 Янв 2022 | 2279 | 0

Буга чейин Ош шаарында эпидемиологиялык абал турукташкан соң шаардыгы кызыл зоналардын баары ишин толук токтоткон. Бүгүнкү күндө коронавирусту жугузгандардын саны өсүп, кырдаал кайра курчуп баштагандыктан Ош шаардык балдардын жугуштуу оорулар боюнча стационары кызыл зона катары ачылып, аталган илдетке чалдыккан бейтаптарды кабыл ала баштады.

Соңку учурда Ош шаарында күнүнө коронавирус менен ондон ашуун адам катталууда. Буга чейин вирус жуктуруп алгандар калаадан 25 чакырымдай алыс жайгашкан Кара-Суу районун Баш-Булак айылындагы ооруканада дарыланчу. Эпидемиологиялык абал эске алынып, 11-январдан тарта оорукана кайра ишин баштады. Бул тууралуу Ош шаардык балдардын жугуштуу оорулар боюнча стационарынын башкы дарыгери Бакай Акматов билдирди.

«Балдардын жугуштуу оорулар ооруканасынын имараты 1959-жылдары курулуп, былтыркы жылга чейин капиталдык оӊдоп-түзөөдөн өткөн эмес. Азыркы тапта медициналык заманбап жабдыктар алынды. Жасалма дем алдыруучу аппараттар жайгаштырылган. Мындан сырткары кислороддук концентраторлор да толугу менен келген. 100 койканын ичинен биринчи бөлүмүндө 42 керебет каралган. Экинчи бөлүмүндө 30 керебетке ылайыкталса, үчүнчү реанимация, интенсивдүү терапия бөлүмүндө 28 керебет бар. Анын 8 койкасы реанимация болсо, 20 койкасы интенсивдүү палаталар. Мындан сырткары, кислороддук станция курулган. Кечээги пандемия учурунда концентраторго чуркагандай бул жерде чуркабайбыз. Ар бир палатага станция аркылуу суюк кычкылтек кирип турат. Коронавирус менен күрөшүүдө бейтаптарга кычкылтек жеткире албай көп кыйналган элек. Бир оорулууга үч концентратор улап, убара болгонбуз. Оорукана ишке киргенден бери мындай кыйынчылыктар жоюлду десем болот. Дарыгерлердин да иштөөсүнө жеӊилдик түзүлгөн. Мурунку иштеген стационарда 180 орундук бар болчу. Бирок, шарттары начар болгондуктан толук оӊдоп-түзөөдөн өткөрдүк. Дээрлик баары жаӊыланды. Чатыры, ичиндеги жабдыктар, ар бир палатага душ, даараткана коюлду. Тез курулуучу конструкция аркылуу салынган 100 орундуу кошумча корпус бир жыл мурда ишке киргизилген. Азыр теңине балдар ата-энеси менен жатып дарыланууда»

Объекттин курулушу «Региондорду өнүктүрүү боюнча социалдык өнөктөштүк фонду» коомдук фонду аркылуу каржыланган.

Жалпы аянты 2627 чарчы метрди түзгөн ооруканада лаборатория, реанимация жана жугуштуу ооруларды аныктоочу, дарылоочу бөлүмдөр бар.

Азыркы тапта ооруканада 400дөн ашык  адам бар, үйүнөн миңге жакын киши дарыланууда. Акыркы айларда каза болгондордун дээрлик бардыгы вируска каршы эмделбегендер экени аныкталган. Вакцина алгандар өлкө боюнча 2 млн. 274 миң кишиден ашты, алардын 1 млн. 242 миңдейи вакцинанын биринчи дозасын алгандар. Адистер калкты санитардык эрежени сактап, эмдөөдөн өтүүгө чакырууда. Илдеттин алдын алуунун бирден бир жолу — эмдөө экенин айтышууда.

Бүгүнкү күндө Ош шаарындагы кызыл зонада СOVID-19 илдетинен дарыланып жаткан 27 бейптаптын арасында 3 наристе бар. Дарыланып жаткан үч наристенин абалы оор. ПЧР-тест аркылуу алар СOVID-19 илдетине чалдыкканы аныкталган.

 

 

 

Copyright © 2017 Maral FM