Биз менен байланышыңыз

Коронавирустан 2 бейтап каза болуп, дагы 874 адамдан аныкталды

Кыска кабар | 16 Янв 2022 | 492 | 0

Кыргызстанда 16-январга карата коронавирус 874 адамдан аныкталды. Бул тууралуу Коронавируска каршы республикалык штаб билдирди.

Аймактар боюнча алганда Бишкек шаарында – 670, Ош шаарында – 27, Чүй облусунда – 69, Ош облусунда – 12, Талас облусунда – 22, Ысык-Көл облусунда – 7, Нарын облусунда – 5, Жалал-Абад облусунда – 41, Баткен облусунда – 21 адамдан илдет табылган.

Акыркы суткада 108 адам илдеттен сакайып чыкты, 2 бейтап каза болду.

Бүгүнкү күндө стационарларда коронавирустан 836 бейтап, амбулатордук түрдө 3562 адам дарыланууда.

Кыргызстанда пандемия башталгандан бери 189 687 адам коронавирус жуктурган. Алардын ичинен 180 миң 970 киши айыгып чыкса, 2 миң 830 адам каза болду.

Copyright © 2017 Maral FM