Кыргызстанда 14-январга карата дагы 586 адамданкоронавирус аныкталды. Анын ичинен:
Бишкек шаарында – 435,
Ош шаарында – 22,
Чүй облусунда – 49,
Ош облусунда – 9,
Талас облусунда – 11,
Нарын облусунда – 1,
Ысык-Көл облусунда – 17,
Жалал-Абад облусунда – 37,
Баткен облусунда 5 адамдан илдет табылган. Пандемия башталгандан бери 188 миң 206 адам коронавирус жуктурган.
Акыркы суткада бир бейтап каза болду, жалпы өлүм учурлары 2 миң 827ге жетти.
Соңку суткада 111 адам илдеттен сакайып, жалпы 180 миң 740 киши айыкты.
Бүгүнкү күндө стационарларда коронавирустан 660 бейтап, амбулатордук түрдө 2 миң 490 адам дарыланууда.