Биз менен байланышыңыз

Балага тарбия берүүнү үйрөткөн тиркеменин кыргызча варианты иштелип чыкты

Блог | 13 Янв 2022 | 763 | 0

Өлкөдө биринчи жолу балдарды жоопкерчиликтүү жана позитивдүү тарбиялоону колдогон кыргыз тилдүү тиркеме ишке кирди. Ал наристе-тестиерлерин өнүктүрүү үчүн ата-энелерге ыңгайлуу форматтагы керектүү маалыматтарды сунуштап турат. Учурда Кыргызстанда бул тиркемеге 2 миңге жакын ата-эне катталган. «Беббо» тиркемесине катталуу жолдору жана аны колдонуу шарттары туурасында ЮНИСЕФтин балдарды жетилтүү боюнча кеңешчиси Бурулай Айтикулова буларды айтып берди.

«Беббо» — баланы жоопкерчиликтүү, позитивдүү тарбиялоо үчүн колдонулган тиркеме

«Беббо» тиркемеси Коомдук саламаттыкты сактоо институту менен тыгыз кызматташтыктын алкагында ЮНИСЕФтин Белграддагы кеңсеси тарабынан Европа жана Борбор Азия үчүн иштелип чыккан. «Беббо» тиркемеси баланы жоопкерчиликтүү, позитивдүү тарбиялоо үчүн колдонулат. Ошондой эле бул тиркеме балдарды COVID-19 илдетинен коргоо боюнча билдирүү-маалыматтарды жайылтат.

Тиркеме колунда жок үй-бүлөлөр үчүн да кошумча жардам катары сунушталат

Баланын жакшы шартта чоңоюшун камсыздоо үчүн ар бир үй-бүлөгө колдоо көрсөтүү керек. Анын ичинен жакыр, майып үй-бүлөлөргө өзгөчө камкордук зарыл. Тиешелүү колдоо саламаттыкты сактоо, билим берүү адистери, социалдык кызматкерлер тарабынан ишке ашырылат. Бирок ал дайым эле жетиштүү боло бербеси маалым. Айталы, учурда 6 жашка чейинки баланын ден соолугуна, өнүгүүсүнө үйдөн чыгарбай туруп деле көмөк көрсөтсө боло турган көптөгөн инновациялык мүмкүнчүлүктөр бар. Алардын бири — ушул «Беббо» тиркемеси. Албетте, интернетте мындай тиркемелер көп, бирок анын баары башка тилде иштелип чыгып, тематикалык мазмуну чектелүү. Ошондой эле төлөм талап кылгандыктан колунда жок үй-бүлөгө ыңгайсыздык жаратат. Ал эми ЮНИСЕФтин жаңы мобилдик «Беббо» тиркемеси мазмундук жактан бай жана акысыз.

Мобилдик тиркемени бир эле учурда ата-эненин экөө тең колдоно алат 

Бул мобилдик тиркеме ата-энелердин балдарын тарбиялоосуна жардам берген практикалык куралдар менен камсыз кылат. Айта кетсек, баланын туура өнүгүшүнө, өсүүсүнө байкоо жүргүзүүгө, көзөмөлдөп турууга көмөктөшөт; дарыгерге барып туруу графигин эстетет; коронавирустан коргонуу чараларын эскертип турат; баланын жаш курагына жараша сунуш-кеңештерди берет. Тиркемени энеси да, атасы да бир учурда бирдей колдоно берсе, кыргыз тилинен башка да тилдерге которуп алса болот. Баланын ыңгайына жараша пайдалануу мүмкүнчүлүгү берилет. Тиркеме ачык булак болуп саналат. Дагы бир жакшы жагы, тиркеме телефонго көчкөндөн кийин интернети жок деле иштей берет.

Тиркемени Play market платформасынан көчүрүп аласыз, катталуу акысыз

«Беббо» тиркемесин Play market платформасынан тапса болот, катталуу акысыз, бирок милдеттүү түрдө. Ата-энелер тиркемеге баласынын жашын, боюн, салмагын жазып, анын негизинде билдирүүлөрдү алып, активдүү көзөмөлдөсө болот. Анан да бул жакка балдары тууралуу керектүү маалыматтарды сактоого ыңгайлуу. Тиркемеде ата-эненин жоопкерчилиги, ден соолук, тамактандыруу же эмизүү, коопсуздук жана коргоо, ата-эненин саламаттыгы деген сыяктуу тематикалык категориялар боюнча жазылган макалаларды, тартылган видеолорду камтыган китепкана бар. Категорияларды оюн аркылуу үйрөнсө болот. Ар бир бөлүмдө атайын кеңештер берилген.

Тиркемеге катталгандардын саны эки айда эки миңге жетти 

«Беббо» тиркемесин Кыргызстанга ноябрь айында сунуштадык. Эки айга жетпеген убакытта эле катталуучулардын саны эки миңге жакындады. Колдонуучулар күн сайын көбөйүүдө. Ар кандай булактардын жардамы менен ата-энелерге тиркеме боюнча маалыматтарды таратып жатабыз. Катталган ата-энелер менен кайтарым байланыш болууда. Ал жерге өздөрүнүн ой-пикирлерин калтырышууда. Мисалы, улуттук оюндарды, педиатрлардын байланыш номерлерин киргизүүнү сунушташты. Атайын сурамжылоо жүргүзүп, ата-энелерге канчалык деңгээлде ыңгайлуу болуп жатканын, сапатын, кандай иштеп жатканын билдик. Көбү бул онлайн тиркемени жактырышты. Алар керектүү маалыматтарды алуу жолу жеңилдеп калганын, бул бала бакча тарбиячылары үчүн да жакшы колдонмо болорун айтышууда.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM