Биз менен байланышыңыз

Салык, буудайдын сапаты, импорт: Тегирменчилерге көмөк көрсөтүлөбү?

Коом , Экономика | 13 Янв 2022 | 945 | 0

Кыргызстанда учурда 27 гана ун комбинат калды. Мунун башкы себеби өлкөдө буудай айдоо жолго салынбай, 2016-жылдан бери буудай аңыз 120 гектардан ашпай келет. Мындан улам тегирменчилер буудайдын 90%ын Орусия менен Казакстандан сатып алууга аргасыз болушууда. Дал ушул себепти жүйө келтирген ишкерлер чийки затты ташып келүүдөн алына турган кошумча нарк салыгынан (КНС) бошотуу мөөнөтүн узартып берүүнү суранышууда.

Тегирменчилердин айтымында, 2021-жылдын акыркы төрт айында 80 миң тонна буудайдан ун тартылды, пандемияда кыскарып кеткен иш орундар кайра ачылды. Кыргыз Өкмөтү ун чыгаргандарды бир жылга КНСтен бошотуу токтомун кабыл алган. Ишкерлердин айтымында, бул тармакты толук жөнгө салып, өндүрүштү өнүктүрүү үчүн 3 жылдан кем эмес убакыт сарпталат.

Ун өндүрүүчүлөр ассоциациясынын президенти Рустам Жунушов буудай айдоо эмне себептен азайганын түшүндүрүп, алдыда дагы 1,5-2 айга жете тургандай ун бар экенин айтты.

«Кыргызстанда буга чейин 6-7 гана ун комбинат иштеп жаткан. Дагы 20 комбинат кайра ачылды. Сентябрдан баштап 120 миң тоннадан ашык буудай киргиздик. План боюнча 200 миң тонна буудай кириши керек эле. Тилекке каршы, Орусия менен Казакстандан ташууга вагон жетпей калды. Мындан сырткары иш орундарын толуктап, тоюттар да көбөйтүлдү. Декабрь айында тоюттун баасы арзандап, ал эми ундун баасы сентябрдан тарта 3%га гана кымбаттады. Себеби буудайдын 90%ын сырттан импорттоп жатабыз. Кыргызстанда буудай айдоо азайып кеткен. Ата мекендик тегирменчилердин иши токтоп калган. Айрым ишкерлер башка өлкөгө ачып кетсе, айрымдары жабдууларын металлоломго сатып жок кылышкан». 

Ушул күндөрү өлкөнүн айрым аймактарында ун кымбаттап кеткени байкалган. Жунушов ундун баасы көтөрүлбөгөнүн, Талас облусунда гана бир аз кымбаттаганын айтты.

«Азыркы учурда декабрь айына салыштырмалуу комбинаттардын ичинде баа жогорулаган жок. Бирок айрым аймактарда ортомчулар элди алдап сатып жатышат. Ал эми өндүрүшчүлөрдүн өзүндө баалар көтөрүлгөн жок. Сентябрь айынан баштап ундун баасы 3-4%га өстү. Министрлер кабинети, Экономика министрлиги, Айыл чарба министрлиги, Монополияга каршы жөнгө салуу агенттиги менен ортодо келишим бар. Ага ылайык, буудайдын баасы мынча болсо, ундун баасы мынча пайыздан жогору болбошу керек деген эреже кирген. Ундун кымбатташына бир гана негиз бар: ал — буудайдын кымбатташы же келбей калышы. Эгер буудай ташып келе албай калсак, анда импорттолгон унду келген баасында алууга мажбур болобуз».

Чүй облусунун Сокулук районунун «АйЗи» ун комбинатынын жетекчиси Кубанычбек Кудайкулов буудай аңыздардын баары менчиктештирилип кеткенин айтты. Мындан тышкары айдалган буудайдын сапатына мамлекет көңүл бурбай жатканын сындады.

«Азыркы күндө баары базар экономикасына өтүп, сапатка иштеп калышты. Кыргызстандын буудайынын сапаты Казакстандыкына жетпейт. Өкмөт тарабынан урукка, буудайдын өндүрүлүшүнө көңүл буруу аз болууда. Жеке менчик ишканалар болгон буудайды сээп, болгонун алып келишет. Андан биз ун чыгарабыз. Ундун сапаты буудайдын сапатынан көз каранды болот. Ошондуктан Кыргызстандын буудайын 30-50%, Казакстандын буудайын 50-60% кошуп, ун чыгарганга аракет кылабыз. Дагы бир маселе, унду аткез жол менен алып келүүнү токтотуу керек. Маселен, аткезчилер унду 20 сомдон сатып жатса, аларга карап буудайды 18 сомдон алалбайбыз да. Аткезчилик токтосо, ундун баасы бир калыпка түшөт». 

Чүй облусунун Беловодское айылындагы «Москва» ун комбинатынын жетекчиси Батыр Төрөбаевдин айтымында, өкмөт кайра иштетүүчүлөрдү КНСтен бошотуп, ошондой эле Айыл чарба министрлиги сапаттуу буудай өндүрүп берсе, ун чыгаруу иши алдыга жылат.

«Биз келишим түзгөнбүз. Аны Айыл чарба министрлиги, Экономика министрлиги, Монополияга каршы күрөшүү комитети колдоп берген. Келишимдин негизинде сүйлөшүүлөр жүргүзүлгөн. 2021-жылдын сентябрынан декабрына чейин 200 миң тонна буудай алып келүү каралган. Анын 70%ы ун, 30%ы тоют болот. Келишим боюнча тегирменчилер 10%дан жогору пайда көрүүгө укугу жок. КНСтен сырткары да башка салыктар ишкерлерди кысып жатат. Ошондой эле дыйкандар сапаттуу буудай өндүрүп берсе, алабыз сөзсүз. Өзүбүз кайра иштетип чыгабыз. Мындан сырткары жем да даярдайбыз. Эт, сүт азыктары да буга түздөн-түз байланыштуу».

Бүгүнкү күндө КНСтин нөлдүк өлчөмдөрүнүн аркасында 20 ун комбинаттын иши кайра жанданып, бир топ жаранга жумуш орун ачылды.

Бирикменин жетекчиси белгилегендей, токтомдун мөөнөтүн узартуу менен ата мекендик тегирменчилер өлкөнү 60-70% ун менен камсыз кыла алат.

Copyright © 2017 Maral FM