Кыргызгидрометтин маалыматы боюнча, эртең, 13-январда түнкүсүн жаан-чачын болбойт.
Күндүз Жалал-Абад облусунун тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда, Чүй, Талас, Ош, Баткен облустарынын тоолуу райондорунда кар жаашы мүмкүн. Калган аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт.
Тоо этектеринде жана тоолуу унаа жолдордо кар жана муз тоңот. Түштүк-чыгыштан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 5-10 метрге жетет.
Абанын температурасы:
Чүй өрөөнүндө түнкүсүн -3…+2, күндүз +4…+9;
Талас облусунда түнкүсүн 0…-5, күндүз +4…+9;
Жалал-Абад, Баткен, Ош облустарында түнкүсүн -2…+3, күндүз +6…+11;
Ысык-Көл облусунда түнкүсүн -2…-7, күндүз +1…+6;
Нарын облусунда түнкүсүн -19…-24, күндүз -8…-13;
Бишкек шаарында жаан-чачын күтүлбөйт. Абанын түнкү төмөнкү температурасы -1…+1, күндүзгү жогорку температурасы +7…+9.