Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов иш сапары менен Талас облусунда жүрөт. Ал бүгүн «Манас ордо» улуттук комплексине барды.
Байсалов эки күндүк иш сапарынын алкагында облустун айрым социалдык-маданий объектилеринин ишмердүүлүгү менен таанышат.
Ошондой эле мекеме-ишканалардын жамааттары жана жергиликтүү тургундар менен жолугушууларды өткөрүп, актуалдуу маселелер талкууланат.