Биз менен байланышыңыз

Акбөкөн Таштанбеков Жогорку Кеңеште ант берди

Кыска кабар | 12 Янв 2022 | 341 | 0

Бүгүн, 12-январда Жогорку Кеңештин жыйынында Акбөкөн Таштанбеков депутаттык ишине киришип жатып ант берди.

Ал №30 Ысык-Ата округунан депутат болуп шайланган. Борбордук шайлоо комиссиясы ага декабрдын аягында депутаттык күбөлүк жана төш белги тапшырган.

Акбөкөн Таштанбековду УКМК Кылмыш-жаза кодексинин 330-беренесинин 2-бөлүгүнүн (улуттар аралык жана аймактар аралык кастыкты козутуу) негизинде камакка алган. Бирок соттун күнөөлүү деп тапкан чечими жоктугуна байланыштуу БШК 15-декабрдагы отурумунда аны депутат кылып каттаган.

Акбөкөн Таштанбеков Биринчи Май райондук сотунун чечими менен тергөө аяктаганча эки айга камалган. Буга байланыштуу ал депутаттардын ант берүү салтанатына келе алган эмес.

Айта кетсек, 2021-жылдын 29-декабрында Жогорку Кеңештин VII чакырылышына партиялык тизме менен келген 54 депутат, бир мандаттуу округдан шайланган 33 депутат парламент трибунасында ант берип, кызматтык милдеттерин аткарууга расмий киришти.

№27 Биринчи Май жана №29 Свердлов округунда «баарына каршы» астыга чыгып, депутат шайланбай калган. Бул округдарда 27-февралда кайра шайлоо өтөт.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM