Connect with us

20-майдын аба ырайы

Кыска кабар | 19 Май 2024 | 209 | 0

Кыргызгидромет билдиргендей, 20-майда түнкүсүн Ысык-Көл облусунун көпчүлүк аймактарында, Чүй, Талас облустарынын айрым жерлеринде, Жалал-Абад облусунун тоолуу райондорунда жаан жаап, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт.

Күндүз Чүй, Талас, Ысык-Көл облустарынын көпчүлүк аймактарында, Нарын облусунун айрым жерлеринде, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда жаан жаап, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. Чүй, Талас, Ысык-Көл облустарынын айрым жерлеринде жаан-чачын катуу жаайт.

Батыштан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, айрым жерлерде 15-20 метрге чейин жетет.

Аба температурасы:

Чүй облусуда түнкүсүн +9…+14, күндүз +15…+20

Талас өрөөнүндө түнкүсүн +6…+11, күндүз +14…+19

Баткен облуcунда түнкүсүн +12…+17, күндүз +20…+25

Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн +12…+17, күндүз +20…+25

Ысык-Көл жергесинде түнкүсүн +8…+13, күндүз +15…+20

Нарын облусунда  түнкүсүн +5…+10, күндүз +15…+20.

Бишкекте мезгил-мезгили менен жаан жаап, күн күркүрөйт.  Абанын температурасы түнкүсүн +12…+14°, күндүзгү  +16…+18° жылуу болот.

 

Пикир калтырыңыз

Leave a Reply

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM