Бишкектеги Максим Горький көчөсү менен күн чыгышты көздөй бара жаткан учурда Байтик баатыр көчөсүнөн солго бурулууга болбойт.
Бул тууралуу Милициянын кайгуул кызматынан кабарлашты.
Буга чейин Жукеев-Пудовкин көчөсүнүн Медеров көчөсүнөн тарта Горький көчөсүнө чейинки бөлүгүндө жолду оңдоп-түзөө иштери болгондуктан ошол тилке убактылуу жабылган.
Буга байланыштуу жол тыгындарынын алдын алуу максатында, Горький көчөсүнөн күн чыгышты көздөй бара жаткан учурда Байтик баатыр көчөсүнөн жол белгиси алынып, солго бурулууга уруксат берилген.
Эртеңден баштап, 5.15.2 жол белгиси кайра орнотулуп, айдоочулар Горький көчөсүнөн күн чыгышты көздөй бара жаткан учурда Байтик баатыр көчөсүнөн солго бурула албайт.