Биз менен байланышыңыз

Ажал менен арбашкан күндөр: Сүрөттөрдө калган «кара июль»

Ден соолук , Коом | 11 Янв 2022 | 3785 | 0

Бишкекте «Кара июль» курмандыктарына жана баатырларына арналган сүрөт көргөзмөсү ачылды. Көргөзмөгө 2020-жылдын июль айында коронавирустан каза болгон жарандардын жана алардын өмүрү үчүн күрөшкөн медицина кызматкерлеринин сүрөттөрү коюлган. Аларды ар кандай кырдаалдарда ата мекендик жана чет элдик сүрөтчүлөр тартып алган.

Пандемия учурунда «кызыл тилкеде» иштеген эпидемиолог дарыгер Анара Мамбетсаева кесиптештери жарандардын өмүрүн сактап калуу үчүн өз жанын тобокелге салганын айтып, ал күндөрдү көзүнө жаш алып эскерди.

«Кызыл зонага кирген кесиптештерим өзүнүн жанын тобокелге салып иштешкен. Башында бул вирусту дарылоонун жол-жобосу жок болгондуктан медицина кызматкерлери кыйналып калды. Негизи алгоритм боюнча 15 мүнөттөн ашык кызыл зонада болбоо керек. Оор бейтаптар келгенде ал алгоритмди сактабастан, кээде атайын форманы кийгенге жетишпей калып жатышты. Алар кайсы убакта канча бейтап келип түшөрүн билишпейт. Келгенде шашып чуркап, кийимди да атайын эрежеси менен кийгенге жетишпей калышчу. Алар үчүн график түзүлгөн. 8 саат иштеп, кайра эс алуу керек. Бирок ага карабастан тынымсыз иштеген врачтар көп болду. Мен да кызыл зонага кирип иштеп жүрдүм. Каза болгондор тууралуу айтуу мен үчүн өтө кыйын. Менин курсташтарым, жакындарым, чогуу иштеген кесиптештерим да кайтыш болуп кетти. Өткөн жылдын июнь айында таң атканча ыйлап, социалдык тармактарга «Биз да адамбыз! Бизге да оор тиет!» деп жазып чыктым».

Коронавирус инфекциясы биринчи жолу 2019-жылы декабрь айында Кытайдын Ухань шаарында катталган. Ал эми 2020-жылдын январь айында Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму тарабынан «эл аралык деңгээлдеги өзгөчө кырдаал жана пандемия» деп жарыяланган. 2021-жылдын 30-декабрына карата дүйнө жүзү боюнча оорунун 285 миллиондон ашык учуру катталган. Анын ичинен каза болгондордун саны 5 миллиондон ашкан.

Кыргызстанда коронавирус 2020-жылдын 18-мартында катталган. Бул илдетти жугузган үч кыргыз Сауд Аравиядан келишкен.

2020-жылдын март айынын ортосунан тартып, өлкө аймактарында илдет жайыла баштаган. Ушул эле жылдын июль айында коронавирус күч алып, бейтаптар ооруканаларга батпай калган. Адамдарга да, медициналык кызматкерлерге да оор кырдаал түзүлүп, каза тапкандар көбөйгөн.

Саламаттыкты сактоо министрлигинин медициналык жардамды уюштуруу жана дары саясаты башкармалыгынын башчысы Нурида Жусупбекова көргөзмөнүн негизги максатын түшүндүрдү.

«Бүгүнкү иш-чарада атайын сүрөт көргөзмөсү уюштурулду. Сүрөттөрдө биздин медицина кызматкерлеринин коронавирус менен күрөшүүдөгү кылган эрдиктери чагылдырылган. COVID-19 илдети башталгандан берки биздин медицина кызматкерлерде же жарандарда сакталып калган сүрөттөрдү чогулттук. Сүрөттөр жашоодон алынган. Өзгөчө баарыбызга маалым болгон «кара июль» айы сүрөттөлүп жатат. Бул ай өтө оор мезгил болду: өлүм көрсөткүчү жогорулады; вирус жугузгандар көбөйдү. Бирок ошого карабастан, мамлекет «кара июлду» жеңип чыгып, көп адамды өлүмдөн сактап калды. Иш-чаранын негизги максаты: коронавирустан каза болгон жарандарды, медицина кызматкерлерин эскерүү. «Кара июль» биз үчүн тарых болуп калды».

Ошондой эле пандемия учурунда Саламаттыкты сактоо министрлиги медициналык кызматкерлердин жетишсиздигинен улам студенттерди да ишке тартууга мажбур болушкан.

И. Ахунбаев атындагы КММАнын студенти Адинай Мырзабекова Бишкектеги ооруканалардын биринде ыктыярчы-медайым болуп иштеп жүрүп, 2020-жылдын 13-июлунда коронавирустан каза болгон.

Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министринин орун басары Чыңгыз Эсенгулов февраль айынын ортосунда Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясында коронавирустан каза болгондорду эскерүү концерти болорун айтты.

«Көргөзмөнү вирустан сактануу, чара көрүү жана ар дайым медицина кызматкерлери менен байланышта болуу максатында уюштуруп жатабыз. Бүгүнкү көргөзмөгө 50дөн ашык сүрөт коюлган. Бул жерде ата мекендик жана чет элдик сүрөтчүлөрдүн тарткандары бар. Ал эми ыктыярчылар жардам берип жаткандагы сүрөттөрдү койгон жокпуз. Себеби алар макулдугун беришкен жок. Бул жерде уруксат берилген бардык сүрөттөрдү тиздик. Көбүнчө Бишкек мэриясынын, өкмөттүн, президенттик администрациянын жана айрым сүрөтчүлөрдүн тарткан сүрөттөрүн алдык. Февралда өтө турган концерт менен биргеликте жаңы сүрөттөр менен толуктап, көргөзмөнү улантабыз».

Акыркы маалыматтар боюнча, Кыргызстанда пандемия башталгандан бери 186 миңден ашык адамга коронавирус жуккан. Анын ичинен 180 миңден ашыгы айыгып чыкса, 3 миңге жакыны каза тапкан.

Учурда өлкөдө вакцина алуу жүрүп жатат. Ал 2021-жылдын март айында башталган.

Айта кетсек, «кара июль» көргөзмөсү 3 күнгө созулуп, 11-12-13-декабрга чейин Улуттук тарых музейинде көрсөтүлөт.

Copyright © 2017 Maral FM