Биз менен байланышыңыз

Жапаров казакстандык кесиптешин куттуктап, Кыргызстанга чакырды

Кыска кабар | 11 Янв 2022 | 251 | 0

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Алихан Смаиловду Казакстандын премьер-министри кызматына дайындалышы менен куттуктады. Бул тууралуу Министрлер кабинетинин басма сөз кызматы билдирди.

«Сиздин зор тажрыйбаңыз жана кесипкөйлүгүңүз боордош өлкөбүздү кайгылуу окуялардан кийин тез арада калыбына келтирүүгө кызмат кылып, аны туруктуу өнүгүү жолуна кайтарарына ишенем. Өз тарабымдан биздин өлкөлөрдүн элинин кызыкчылыгы жана бакубат жашоосу үчүн келечекте эки тараптуу мамилелерди өнүктүрүүдө жана чыңдоодо биргелешкен активдүү ишке даяр экенимди тастыктайм», — деп айтылат куттуктоодо.

Министрлер кабинетинин башчысы Казакстандын премьер-министрин ушул жылы Кыргызстанга расмий сапар менен келип кетүүгө чакырды.

Ошондой эле Акылбек Жапаров Алихан Смаиловго чың ден-соолук, бакубат жашоо жана жооптуу мамлекеттик кызматта ийгиликтерди, ал эми боордош казак элине тынчтык жана гүлдөп-өнүгүүнү каалады.

Алихан Смаилов Казакстандын премьер-министри болуп дайындалды

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM