Биз менен байланышыңыз

Алихан Смаилов Казакстандын премьер-министри болуп дайындалды

Кыска кабар | 11 Янв 2022 | 178 | 0

Алихан Смаилов Казакстандын премьер-министри болуп дайындалды.

Анын талапкерлигин Казакстан парламентинин мажилис палатасына президент Касым-Жомарт Токаев сунуштап, депутаттар бир добуштан колдоп беришти.

50 жаштагы өкмөт башчы буга чейин каржы министри, вице-премьер-министр кызматтарын аркалаган.

Эске сала кетсек, 2-январда Казакстандын Алматы, Актау, Жаңаөзен шаарларынын тургундары суюлтулган газдын баасын арзандатуу талабы менен нааразычылык акциясына чыгышкан. Бул тынчтык митинг Казакстандын түштүк аймактарынын баарына жайылып, акыры башаламандыкка, тополоңго айланып кеткен.

Кырдаалдан улам Касым-Жомарт Токаев премьер-министр Аскар Мамин баштаган Казакстандын өкмөтүн отставкага кетирип, Алихан Смаиловду өкмөт башчынын милдетин аткаруучу кылып дайындаган.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM