Биз менен байланышыңыз

Казакстан президенти Алихан Смаиловду премьер-министрликке сунуштады

Дүйнө , Кыска кабар | 11 Янв 2022 | 577 | 0

Бүгүн, 11-январда Казакстан президенти Касым-Жомарт Токаев парламенттин жыйынына онлайн катышууда.

Жыйында ал Казакстандын өкмөт башчысына Алихан Смаиловдун талапкерлигин сунуштады.

5-январда казак президенти Токаев премьер-министр Аскар Мамин отставкага кетүү боюнча арыз жазганын жана анын отставкасы кабыл алынганын билдирип, премьер-министрдин милдетин аткаруучу болуп Алихан Смаилов дайындалган.

Эске сала кетсек, 2-январда Казакстандын Алматы, Актау, Жаңаөзен шаарларынын тургундары суюлтулган газдын баасын арзандатуу талабы менен нааразычылык акциясына чыгышкан. Бул тынчтык митинг Казакстандын түштүк аймактарынын баарына жайылып, акыры башаламандыкка, тополоңго айланып кеткен.

Кырдаалдан улам Касым-Жомарт Токаев Казакстан Коопсуздук кеңешинин төрагасы Нурсултан Назарбаевди, премьер-министр Аскар Мамин баштаган Казакстандын өкмөтүн отставкага кетирген.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM