Биз менен байланышыңыз

Баткен милициясы кенже жетектөөчү курамдагы кызматтарга конкурс жарыялады

Кыска кабар | 11 Янв 2022 | 326 | 0

Баткен облустук милициясы кенже жетектөөчү курамдагы кызматтарга конкурс жарыялады. Маалыматка караганда, конкурска 19 жашка толгон жана 30 жашка чейинки жигиттер катыша алат.

Алар мурда кылмыш жоопкерчилигине тартылбаган, анык аскердик кызматты өтөгөн, же үй-бүлөлүк шарттары боюнча альтернативдик кызматты өтөгөн, бою 170 сантиметрден кем эмес Кыргызстандын жараны болушу керек.

Тиешелүү документтер 10-февралга чейин кабыл алынат. Документтердин тизмегин алуу үчүн жана суроолор боюнча Баткен ОИИБнын кадрлар бөлүмүнө кайрылса болот.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM