Биз менен байланышыңыз

Чымкентте 38 кыргызстандык кармалып, кайра коё берилди

Кыска кабар | 10 Янв 2022 | 452 | 0

Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги Казакстандын Чымкент шаарында 38 кыргызстандык кармалып, кайра бошотулганын билдирди.

Маалыматка караганда, алар текшерүү иштеринин жүрүшүндө кармалган.

Кагылышуу учурунда Кыргызстандын башка жарандарынын өлүмү тууралуу фактыларды аныктоо иштери жүргүзүлүп жатат.

Ал эми Закир Юбуровдун жана башка кыргызстандыктардын кармалышы боюнча коңшу өлкөгө нота жиберилди.

Мындан тышкары, Викрам Рузахуновдун камактан бошотулганы тууралуу маалымат тастыкталды. Ал Башкы консулдун катышуусунда белгиленген жол-жоболордон өткөндөн кийин бошотулган.

10-январда Акыйкатчы институту кыргызстандык эмгек мигранты, 1997-жылы туулган Баялы Төрөгелдиев Чымкентте кармалып, сурак учурунда Казакстандын укук коргоо органдары тарабынан сабалганын кабарлады.

Төрөгелдиевдин абалы оор экенин, медициналык жардам көрсөтүлбөй жатканын айткан жакындары Акыйкатчы институтуна жардам сурап кайрылышкан.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM