Биз менен байланышыңыз

Казакстандан 29 кыргызстандык эвакуацияланды

Кыска кабар | 10 Янв 2022 | 204 | 0

Тышкы иштер министрлиги Казакстандагы мекендештерди өлкөгө алып келүү боюнча консулдук-укуктук жардам көрсөтүүнү улантууда. Бул тууралуу министрликтин басма сөз кызматы билдирди.

Атап айтсак, кечээ, 9-январда ТИМдин түз байланыш телефонуна кайрылуулардын негизинде Алматы шаарындагы 14 жаран Кыргызстанга жөнөтүлгөн. Учурда «Нур-Султан» эл аралык аэропортундагы каттам токтотулганына байланыштуу 15 жаранды поезд аркылуу Кыргызстанга алып келүүгө аракеттер көрүлүп жатат.

Министрлик суроолор боюнча Казакстандын аймагында жүргөн Кыргызстандын жарандары Казакстандын Алматы шаарындагы Башкы консулдугуна төмөндөгү телефондор аркылуу байланышып турууларын эскертет:

Кыргызстандын Алматы шаарындагы Башкы консулдугу

+7 777 8150072 Кайрат Жакыпов

+7 777 0371448 Гулзат Абдурасулова

+7 777 0275596 Жаркынай Сансызбаева

+7 775 4634295 Медер Сапаралиев.

Ошондой эле Кыргызстандын Казакстандагы Элчилигинде зарыл консультацияларды жана кайрылууларды алуу үчүн Кыргызстандын Тышкы иштер министрлигинин Консулдук кызмат департаментинде ишеним телефону иштейт.

Тышкы иштер министрлигинин Консулдук кызмат департаменти

+996 551 312 000 — ишеним телефонунун номери

+996 555 007 626

+996 708 52 21 37

+996 707 989-895

+996 709 983 465;

Нур-Султандагы Кыргыз Республикасынын элчилиги

+7 (776) 124-88-33

+7 777 4733009.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM