Биз менен байланышыңыз

Кырнет: кыргызстандык музыкантка Казакстандын күч органдары жалаа жабууда

Кыска кабар | 9 Янв 2022 | 1663 | 0

Алматы шаарындагы башаламандыкка катыштыгы бар делген кыргызстандык жаран Бишкектеги белгилүү музыкант Викрам Рузахунов экени айтылды.

Бул тууралуу анын жакын санаалаштары Фейсбукка жазып чыкты. «Бул Кыргызстандагы белгилүү джаз аткаруучу Викрам Рузахунов. Ал Казакстанга көп барып, ал жактагы концерттерге катышып жүрчү. Аны дүйнөнүн джаз чөйрөсүндө көп адамдар билет. Биз аны билебиз жана сүйөбүз!
Сураныч, ага эч нерсе кылбагыла. Ал жөнөкөй музыкант!»— деп жазды Азиз Абакиров.

Музыкант Викрам Рузахуновдун «Трио Викрама Рузахунова» аттуу тобу бар. Ал көпчүлүк учурда атайын чакыруулар менен Казакстандын бир канча шаарларында музыкалык кечелерди өткөрүп келген.

Ошондой эле казак басылмалары сабалган жигит тартылган видеону тараткан. Видеодо музыкант Викрам Рузахуновго түспөлдөш жигит Кыргызстандан Алматыга митингдерге катышуу үчүн келгенин билдирген. Бул үчүн анын айтымында, ага 90 миң теңге төлөп беребиз деп телефон чалышкан кошумчалаган.

Видео социалдык тармактардын  түрдүү пикирлерди жаратты. Бир катар колдонуучулар Казакстандын күч органдары Алматыда гастролдо көп жүргөн кыргызстандык музыкант Викрам Рузахуновго жалаа жаап жатат деп жазышкан. Алардын айтымында, аны джаз чөйрөсүндө жакшы билишет.

Ал эми Кыргызстандын тышкы иштер министрлиги бул жагдайдын чоо-жайы иликтенүүдө деп билдирүү жазды.

Төмөндө музыканттын аткарган чыгармаларынын бир видеосун тиркейбиз:

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM