Биз менен байланышыңыз

Өзбекстанда күйүүчү май арзандады

Дүйнө , Кыска кабар | 9 Янв 2022 | 389 | 0

Өзбекстандын май куюучу жайларында Аи-80 үлгүсүндөгү бензин кайрадан арзандады. Бул тууралуу бүгүн Өзбекстандын товардык-сырьёлук биржасынын басма сөз кызматы билдирди.

Биржада анын баасы тоннасына 7,47 миллион сум болгон. Күйүүчү майдын баасы кечээ 6,3% кымбаттап, Аи-80дин бир литринин баасы 5700 сумдун (0,53 цент) тегерегин түзгөн.

Буга чейин ноябрь айынын ортосунда АИ-80 үлгүсүндөгү бензиндин баасы кымбаттаганы маалымдалган. Күйүүчү май аралашмасы орточо эсеп менен 70%га кымбаттаган (тоннасы 10 млн. сум, же 1 литрине болжол менен 7,3 миң сум – 0,67 цент).

Буга байланыштуу Монополияга каршы комитет иликтөөгө алып, баалар кайрадан төмөндөй баштаган.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM