Биз менен байланышыңыз

Казакстандын чек арасында 300дөй адам кармалды

Кыска кабар | 9 Янв 2022 | 887 | 0

Казакстанда мамлекеттик чек араны кесип өтүүгө аракет кылган 300дөй адам кармалды. Бул тууралуу Казакстандын Ички иштер министри Ерлан Тургумбаев “Хабар 24” эфиринде билдирди.

Анын айтымында, алардын баары өлкөдөн транспорт менен же жөө чыгып кетүүгө аракет кылышкан.

«Кармалган жарандардан ок атуучу куралдар, уурдалган мүлктөр, анын ичинде уюлдук телефондор жана ири суммадагы улуттук жана чет элдик валюталар алынган», — деди ал.

Эскерте кетсек, 2-январда Казакстандын батышында суюлтулган газдын кымбатташына байланыштуу нааразылык акциялары башталган. Кийин митингдер өлкөнүн башка аймактарына да жайылган.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM