Биз менен байланышыңыз

Алматы: башаламандык учурунда 11 жаштагы өспүрүмгө ок тийип каза тапкан

Кыска кабар | 8 Янв 2022 | 1931 | 0

Алматыда өспүрүм октон алган жаракатынан улам каза болду. Бул тууралуу «Sputnik Казакстан» телеграмм каналы билдирди.

Такталгандай, ата-энелер балдары менен сейилдеп баратканда ок тийип, каза болгон. Ал 11 жаштагы өспүрүм болгон.

Маалыматка ылайык, 7-январда дагы бир кырсык катталган. «Өспүрүм атасы менен машинада бара жатканда  алардын унаасын атып кетишкен», — деп айтылат маалыматта.

Анда 15 жаштагы өспүрүм октон катуу жараат алып, Алматыдагы балдар ооруканаларынын бирине жеткирилген. Азыр дарыгерлер анын өмүрү үчүн күрөшүп жатышат. Баланын атасы ооруканада.

Белгилей кетсек, Казакстанда массалык нааразылык акциялары Мангистау облусунун Жаңы-Өзөн жана Актау шаарларынын тургундары суюлтулган газдын кымбатташына каршы чыгышып, андан соң нааразылык акциялары башка шаарларга да жайылган.

Учурда өлкөнүн шаарларында абал акырындык менен турукташып жатат.

Президент Касым-Жомарт Токаевдин өтүнүчү менен ЖККУ өлкөлөрү Казакстанга бейпилдик күчтөрүн жөнөткөн. Ал эми Кыргызстандан “Скорпион” атайын аскер бөлүгү жиберилди.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM