Биз менен байланышыңыз

Мамлекеттик каттоо кызматынын бюджети 479млн сомду түздү

Кыска кабар | 8 Янв 2022 | 203 | 0

Мамлекеттик каттоо кызматынын 2021-жылга такталган бюджети (архивдик кызматты эсепке албаганда) 479,4 млн сомду түзүп, бекитилген бюджетке салыштырмалуу 336 млн сомго же 41,2%га азайган.

Анын ичинде: бюджеттик каражаттардын эсебинен чыгашалар — 89 млн сомго азаюу менен 127,8 млн.сомду түзгөн. Ал эми атайын эсептин чыгашалары — бекитилген бюджетке салыштырмалуу 247 млн ​​сомго азаюу менен 351, 5 млн. сомду түздү.

Ошондой эле бюджеттин жалпы чыгашасын 89 миллион сомго кыскартуу каралган:

Санариптик өнүктүрүү министрлигине каражаттарды которууга байланыштуу чыгашалар 95,1 млн сомго кыскартылды (аппараттан 25,6 млн сомго жана ведомстволук мекемелер 69,5 млн сом);

Жекелештирилген күбөлүктөрдү жана күбөлүктөрдү даярдоо функциясын Билим берүү жана илим министрлигинен өткөрүп берүүгө байланыштуу чыгашалар 5 млн сомго көбөйтүлдү;

Кыргызстандын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын каражаттарын которууга байланыштуу чыгашалар 1,5 миллион сомго көбөйтүлдү. (Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоо);

Ал эми 2019-жылга бюджеттин аткарылышына аудиттин жыйынтыгы боюнча Кыргызстандын  Эсеп палатасынын сунуштарын ишке ашырууга байланыштуу чыгашалар 0,3 млн сомго кыскарган.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM