Биз менен байланышыңыз

Нур-Султан аэропорту бүгүн иштеп баштайт

Кыска кабар | 8 Янв 2022 | 252 | 0

Нур-Султан аэропорту бүгүн аба портунан алты эл аралык каттамды кабыл алууну жана чыгарууну пландаштырууда. Бул тууралуу ORDA.KZ Telegram каналы билдирди.

Каттамдарды чет элдик авиакомпаниялар аткара турганы такталган. Тактап айтканда, Дубайга, Минскке, Калининградга жана кайра артка учуу пландалууда.

Төрт каттам токтотулду — Москвага, Франкфуртка жана артка.

«Алматы, Актау, Түркстан, Шымкент, Костанайдан чет элдик авиакомпаниялар Москва, Франкфурт, Баку, Дубай, Шарджа, Минск, Стамбул, Ургенч жана кайра артка карай 21 каттамды токтотту», — деп жазат ORDA.KZ.

Казакстанда массалык нааразылык акциялары 2022-жылдын алгачкы күндөрүндө башталган. Мангистау облусунун Жаңы-Өзөн жана Актау тургундары суюлтулган газдын кымбатташына каршы чыгышып, андан соң нааразылык акциялары башка шаарларга да жайылган.

Ошондой эле өлкөнүн шаарларында абал акырындык менен турукташууда. Интернетке кирүү калыбына келтирилди.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM