Биз менен байланышыңыз

Казакстан: Башаламандык учурунда режиссёрду атып кетишти

Дүйнө , Кыска кабар | 8 Янв 2022 | 457 | 0

Алматыда талоончулар режиссёр жана музыкант Сакен Битаевди атып кетишти. Бул тууралуу Informburo гезити билдирди.

Такталгандай, музыкант жана анын досу экөө сүйлөшүп отурган унааны алып кетүүнү көздөшкөн. Бирок алар унаадан түшкөн эмес.

«Кол салгандар арт жактан келип, аткылай баштаган. Бир ок Сакендин өпкөсүн тешип кеткен», — деп жазат гезит.

Белгилей кетсек, Сакен Битаев Salamalec Sound музыкалык долбоорун негиздеп, хип-хоп чыгармаларын аткарган. Музыка тармагындагы ишмердигинен тышкары режиссёрлук менен алектенген.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM