Биз менен байланышыңыз

Казакстандын 32 жараны Кыргызстанга келди

Кыска кабар | 8 Янв 2022 | 799 | 0

Бишкек мэриясынын кызматкерлери Казакстандын 32 жаранын «Манас» эл аралык аэропортунан тосуп алышты. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирди.

Ага ылайык, мэриянын нөөмөтчү автобустары «Манас» аэропортунда кызмат кылууда. Бардык коопсуздук чараларын сактоо менен казак жарандарын «Ак-Жол» көзөмөл-өткөрүү пунктуна алып барып, чек арадан өткөрүү жагын колго алат.

Казакстандык коноктордун мейманканаларга жайгаштыруу төлөмү мэриянын резервдик фондунан жана демөөрчүлүк каражаттардын эсебинен каржыланат.

Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев Казакстандын жарандарынын жолугушуусун уюштуруу боюнча шаардык штабдын иш-чараларынын планын бекиткен. Ага ылайык, Бишкек шаарынын мэриясынын бир катар кызматтары жана облустук администрациялары менен биргеликте Казакстандын Кыргызстандагы элчилиги менен чогуу иш алып бара турган болгон.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM