Биз менен байланышыңыз

Казакстанда бизнеске келтирилген зыян 200 миллион доллардан ашты

Кыска кабар | 8 Янв 2022 | 294 | 0

Казакстандагы башаламандыктын кесепетинен бизнеске келтирилген зыян 88,1 миллиард теңгеден (200,4 миллион доллардан ашык) ашты. Бул тууралуу Казакстандын «Ата мекен» Улуттук ишкерлер палатасы билдирди.

Анын ичинен Алматы шаарына келтирилген зыян 86,8 миллиард теңгеге (197,4 миллион доллар) жеткен.

Казакстан Республикасынын Улуттук Ишкерлер палатасынын маалыматы боюнча, өлкөнүн он облусунда жабыр тарткан 920 ишкердик субъекти аныкталган, анын ичинде 856сы Алматы шаарында.

Келтирилген чыгымды эсептөө уланууда.

Эскерте кетсек, 2-январда Казакстандын батышында суюлтулган газдын кымбатташына байланыштуу нааразылык акциялары башталган. Кийин митингдер өлкөнүн башка аймактарына да жайылган.

Массалык нааразылык акцияларынан улам Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев өкмөттүн отставкасы тууралуу жарлыкка кол койгон. Ошондой эле Казакстандын Коопсуздук кеңешинин төрагасы алмашып, Нурсултан Назарбаевдин ордуна Касым-Жомарт Токаев келип, өлкө боюнча өзгөчө абал режими жарыяланган.

Кийин Токаев ЖККУга жардам сурап кайрылган. Уюм Казакстанга тынчтык орнотуучу күчтөрдү жиберүү чечимин кабыл алды. 6-январда эртең менен Казакстанда көптөгөн талап-тоноолор жана курмандыктар катталган.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM