Connect with us

Казакстанда кармалгандардын арасында чет элдик жарандар да бар

Кыска кабар | 8 Янв 2022 | 262 | 0

Казакстандын Ички иштер министрлиги Алматы облусунда кармалгандардын арасында чет элдиктер бар экенин билдирди.

Маалыматка ылайык, өлкөдө болгон тополоңго байланыштуу 4200дөн ашуун адам кармалган. Алардын арасында коңшу мамлекеттин жарандары бар. Азырынча кайсы мамлекеттин жарандары экени айтыла элек.

«Алматы облусунун айылдарынын биринде 100дөн ашуун адам кармалды. Алдын ала маалыматтар боюнча, алар коңшу мамлекеттин жарандары», — деп айтылат билдирүүдө.

Эскерте кетсек, 2-январда Казакстандын батышында суюлтулган газдын кымбатташына байланыштуу нааразылык акциялары башталган. Кийин митингдер өлкөнүн башка аймактарына да жайылган.

Массалык нааразылык акцияларынан улам Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев өкмөттүн отставкасы тууралуу жарлыкка кол койгон. Ошондой эле Казакстандын Коопсуздук кеңешинин төрагасы алмашып, Нурсултан Назарбаевдин ордуна Касым-Жомарт Токаев келип, өлкө боюнча өзгөчө абал режими жарыяланган.

Кийин Токаев ЖККУга жардам сурап кайрылган. Уюм Казакстанга тынчтык орнотуучу күчтөрдү жиберүү чечимин кабыл алды. 6-январда эртең менен Казакстанда көптөгөн талап-тоноолор жана курмандыктар катталган.

Пикир калтырыңыз

Leave a Reply

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM