Биз менен байланышыңыз

Кыргыз-казак чек арасы убактылуу жабылды

Кыска кабар | 8 Янв 2022 | 302 | 0

Кечээ, 7-январдан баштап Кыргызстан менен Казакстан чек арасындагы «Кен-Булуң унаа жолу», «Токмок унаа жолу», «Ак-Жол» жана «Ак-Тилек» көзөмөлдөп өткөрүү пункттары убактылуу жабылды. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлиги билдирди.

Казакстандын аймагындагы Кыргызстандын жарандары Чүй облусундагы «Чалдыбар» жана Талас облусундагы «Чон-Капка» өткөрмө пункттары аркылуу гана мекенине келе алышат.

Транзиттик жол менен келе жаткан Кыргызстандын жарандарынын жана үчүнчү өлкөлөрдүн жарандарынын Казакстандын аймагы аркылуу өтүүсү да токтотулду.

Буга байланыштуу министрлик Казакстандын аймагында жайгашкан мекендештерибизди ошол өлкөнүн мыйзамдарын жана эрежелерин туура сактап, жашаган жеринен алыс чыкпай, Кыргызстанга барууну токтото турууга, ошондой эле ар кандай чагымчылдыкка алдырбай, чыр-чатактуу окуяларга катышпоого, адамдар көп чогулган жерлерге барбоого чакырык таштады.

Казакстандын аймагында жайгашкан, айрыкча Алматы шаарынын аймагында жашаган жарандарыбыз төмөнкү телефон номерлери аркылуу КРнын Алматы шаарындагы Башкы консулдугу менен үзгүлтүксүз байланышта болууну сунуштайт:

+7 777 8150072 Кайрат Жакыпов

+7 777 0371448 Гульзат Абдурасулова

+7 777 0275596 Жаркынай Сансызбаева

+7 775 4634295 Медер Сапаралиев.

Ошондой эле консулдук-укуктук мүнөздөгү маселелер боюнча кеңеш алуу, кайрылуулар үчүн КР ТИМнин Консулдук кызмат департаментинде, Кыргызстандын Казакстандагы элчилигинде ыкчам байланыш телефондору иштеп жатат.

КР ТИМнин Консулдук кызмат департаменти:

+996 551 312 000 — ыкчам байланыш номери

+996 555 007 6

+996 708 52 21 37

+996 707 989 895

+996 709 983 465;

Кыргызстандын Нур-Султан шаарындагы элчилиги

+7 (776) 124-88-33

+7 777 4733009.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM