Кыргызгидрометтин маалыматы боюнча, 8-январда түнкүсүн Чүй, Ысык-Көл облустарынын кээ бир райондорунда жаан, кар жаайт. Тоолуу райондордо кар жаайт, башка аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт.
Күндүз жаан-чачын күтүлбөйт. Кээ бир райондордо туман түшүшү мүмкүн. Жолдор тоңголок жана тайгалак болот.
Абанын температурасы:
Чүй облусунда: түнкүсүн 0…-5, күндүз 3…8
Талас облусунда: түнкүсүн -1…-6, күндүз 3…8
Баткен облусунда: түнкүсүн -3…+2, күндүз 4…9
Ош, Жалал-Абад облустарында: түнкүсүн -3…+2, күндүз 4…9
Ысык-Көл облусунда: түнкүсүн -2…-7, күндүз 0…5
Нарын облусунда: түнкүсүн -13…-18, күндүз -3…-8
Бишкек шаарында түнкүсүн бир аз жаан, кар жаашы мүмкүн. Күндүз жаан-чачын болбойт. Абанын температурасы түнкүсүн 0…-2 градус, күндүз +6…+8 градуска жетет.