Биз менен байланышыңыз

Токтошев: Бардык жактан жардам берүүгө даярбыз, бирок курал такоо менен эмес

Кыска кабар | 6 Янв 2022 | 298 | 0

Казакстан өз өлкөсүнүн ичинде болуп жаткан саясий кырдаалды өзү чече аларына ишенем. Эгер жардам керек болсо, бардык жактан жардам берүүгө даярбыз, бирок бири-бирине курал такоо жолу менен эмес. Мындай пикирин Жогорку Кеңештин депутаты Эмил Токтошев «Фейсбук» баракчасына жазды.

Ал эки күндөн бери ден соолугуна байланыштуу ооруканада жатканын, бүгүн Жогорку Кеңешке бара албаганын айтып, позициясын социалдык тармак аркылуу билдирди.

«Биздин тарыхыбызда бир нече жолу болуп өткөн элдик толкундоолорду казак эли башынан өткөрүп жатат. Канча күндөн бери тынчсыздануу менен уктабай, Казакстандагы окуяларды жүрөгүбүз ооруп карап отурабыз. Бирок, кылымдар бою жанаша жашаган бир тууган казак элине кыргыз аскери куралчан баруусуна түк эле каршымын. Бир тууган эки эл эч качан бири-бирине курал такабашы керек. Казакстан өзүнүн өлкөсүнүн ичинде болуп жаткан саясий кырдаалды өзү чече аларына ишенем. Эгер жардам керек болсо, бардык жактан жардам берүүгө даярбыз, бирок бири-бирине курал такоо жолу менен эмес», — деп жазган.

Ошондой эле ал Казакстанда жашаган кыргызстандыктар да катуу жабыркаганын айтып, ошолорго жардам берүү жагын ойлонууну сунуштаган.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM