Биз менен байланышыңыз

Орозайым Нарматова: Аскерлердин Казакстанга барышына каршымын

Кыска кабар | 6 Янв 2022 | 6818 | 1

Аскерлердин Казакстанга барышына каршымын. Элге кол көтөрүү, аларды душман эсептөө туура эмес. Казакстандагы окуянын келип чыгышы элдин социалдык теңсиздигинен улам болду, газ масалеси себепчи гана. Мындай пикирин Жогорку Кеңештин депутаты Орозайым Нарматова өзүнүн «Фейсбук» баракчасына жазды.

Ал боордош казак элинин башына түшкөн оор күндөрү артта калып, тынчтык орноп, мамлекеттин жана казак элинин бакубат жашоосунун улануусуна тилектеш экенин билдирди.

«16-декабрда Казакстандын көз карандысыздыгына 30 жыл болгон улуттук майрамды белгилеп жатышканда, мамлекеттин стабилдүүлүгүнө шек жаратпай турган маанайды бийлик элге билдиргендей болгон эле… Учурда орун алган массалык башаламандыктын негизинде келип чыккан саясий кризис, Жаңы-Өзөндө 2-январь күнү, «күйүүчү газдын баасын монополисттер тарабынан кескин жогорулагандан улам келип чыкты» деп түшүнүү туура эмес. Анткени, Казакстандын социалдык-экономикалык абалы жана калкты эки ажырымга бөлгөн социалдык теңсиздик экенин белгилөөгө болот», — деп жазган Нарматова.

Ошондой эле ал элдин нааразычылыкка чыгуусуна өткөн жылдын жай мезгилиндеги кургакчылык, энергоресурстарга болгон кымбатчылык, пандемия, калктын кирешесинин өтө төмөндүгү жана 30 жыл бийликтин пайдасын көргөн олигархтар кланы себеп болгонун белгилеген.

Мындан сырткары Нарматова Кыргызстан Казакстанга гумжардам жеткирүү, медциналык кызматкерлерди жиберүү жана кайра калыбына келтирүү иштерине жардам берүү маселелерин талкуулашы керектигин белгилеген.

1 пикир

1 пикир

  1. Акылбек Жолдошов

    06.01.2022 22:07

    Орозайым Кыргыздын Кыз Сайкалы азамат. Жаш болсо да, Гилейген пахтакорлордон айырмаланып оз позициясын так билборди. Эн туура позиция.

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM