Бүгүн, 6-январь саат 15:00 карата кыргыз-казак мамлекеттик чек ара аймагындагы кырдаал туруктуу. Бул тууралуу Чек ара кызматынын маалымат кызматы билдирди.
Чек ара кызматы 2021-жылдын 30-декабрынан бүгүнкү күнгө чейин күчөтүлгөн тартипте кызматын улантып жатышат.
Кыргыз-казак мамлекеттик чек арасы аркылуу өткөрүү жайлары COVID-19га байланыштуу болгон чектөөлөрдү эске алуу менен жарандарды, транспорт каражаттарын жана жүктөрдү өткөрүүнү штаттык режимде жүргүзүп жатат.
Чек ара кызматы кыргыз-казак мамлекеттик чек ара аймагында 7 авто жол өткөрүү жайлары иштеп жаткандыгын эскертет.
Жүк ташуучу унаалар «Ак-Тилек», «Чалдыбар», «Чоң-Капка» жана «Каркыра» көзөмөл-өткөрмө пунктулары аркылуу, ал эми ичинде жүгү жок автоунаалар Казакстанга «Кең-Булуң» пункту аркылуу өтөт.
Чек ара кызматы кыргыз тарап да, казак тарап да жарандарды, транспорт каражаттарын жана жүктөрдү алып өтүүгө жана алып кирүүгө эч кандай кошумча чектөөлөрдү киргизбегендигин эскертет.