Биз менен байланышыңыз

Казакстандын президенти Токаев ЖККУга кайрылды

Дүйнө , Кыска кабар | 6 Янв 2022 | 516 | 0

Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев Жамааттык коопсуздук келишими уюмунун (ЖККУ) башчыларына өлкөдөгү тартипти камсыз кылууга жардам сурап кайрылды. Бул тууралуу РИА Новости агенттиги жазды.

Токаев өлкөдө болуп жаткан акыркы окуяларды сырткы агрессия деп атады. Анын айтуусуна караганда, кеп мамлекеттин бүтүндүгүнө коркунуч жаратып, жарандарга кол салуу жөнүндө болуп жатат.

2-январда Казакстандын батышында суюлтулган газдын кымбатташына байланыштуу нааразылык акциялары башталган. Кийин нааразылык акциялары өлкөнүн башка аймактарына да жайылган.

Массалык нааразылык акцияларынан улам Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев өкмөттүн отставкасы тууралуу жарлыкка кол койгон. Ошондой эле Казакстандын Коопсуздук кеңешинин төрагасы алмашып, Нурсултан Назарбаевдин ордуна Касым-Жомарт Токаев келди.

Нур-Султан, Алматы шаарларында жана Мангистау облусунда өзгөчө абал режими жарыяланып, коменданттык саат киргизилди. Карапайым калк менен коопсуздук кызматкерлери ортосунда кагылышуу уланууда.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM