Биз менен байланышыңыз

Бишкек: Рыскелди Момбеков депутаттыкка талапкерлигин көрсөттү

Кыска кабар | 4 Янв 2022 | 2600 | 0

Бүгүн, 4-январь саат 17:00гө карата Борбордук шайлоо комиссиясына Бишкек шаарынын Свердлов жана Биринчи май округдары боюнча кайра шайлоого катышуу үчүн арыз тапшыргандардын саны 15ке жетти.

Талапкер болууга арыз бергендердин катарына Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Рыскелди Момбеков да кошулду.  Ал №27 Биринчи май райондук округунан катышат.

Ушуну менен парламенттик шайлоого Бишкектеги эки округдан катышуу ниетин билдирген мурдагы эл өкүлдөрүнүн саны үчкө жетти. Буга чейин Шайлообек Атазов жана Элвира Сурабалдиева да талапкер болуу үчүн арыз берген.

Боршайкомдун маалыматына караганда, бир мандаттуу шайлоо округдары боюнча депутаттыкка талапкерлерди көрсөтүү 27-январь саат 18:00дө аякташы керек.

Талапкерди каттоо үчүн документтер БШКга 30-январь саат 18:00гө чейин берилүүгө тийиш.

27-февралда Бишкектин №27 Биринчи май жана №29 Свердлов районунда бир мандаттуу шайлоо округдары боюнча Жогорку Кеңештин депутаттарын кайра шайлоо өтөт.

Аталган округдарда 28-ноябрда өткөн шайлоодо «бардыгына каршы» болгондор басымдуулук кылган. Мыйзам боюнча мындай учурда кайра шайлоо өткөрүлөт.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM