Connect with us

Казакстан: Митингчилер өкмөттүн отставкасын талап кылышууда

Дүйнө , Кыска кабар | 4 Янв 2022 | 744 | 0

Казакстандын Актау шаарында газдын кымбатташына нааразы болгон жергиликтүү тургундар өкмөттүн отставкасын талап кылышты. Бул тууралуу “Азаттык” радиосунун казак кызматы билдирди.

4-январга караган түнү Актау шаарында «газ» акциясынын катышуучулары облустук админстрация алдындагы Ынтымак аянтына чогулушту. Катышуучулар ал жерде чатыр, боз үй тигип, өкмөттү отставкага кетирүүнү чакырышты.

Митингчилер «Шал, кет!» («Чал, кет!») деп кыйкырышып, Казакстандын биринчи президенти Нурсултан Назарбаевдин саясаттан кетүүсүн талап кылышкан.

Жергиликтүү тургундардын айтымында, митингчилер бийликтен коррупция менен тууганчылыктын тамырын жок кылууну, завод-фабрикаларды курууну жана жумушсуздукту кыскартууну талап кылган резолюцияны да кабыл алышты. Митингчилердин айтымында, Ынтымак аянты милиция тарабынан толугу менен курчоого алынган.

2-январда Казакстандын Мангистау облусунда айдоочулар автоунааларга бензиндин кымбатташына каршы акцияга чыгышкан. Алар суюлтулган газдын бир литри кескин түрдө 60 теңгеден 120 теңгеге чейин кымбаттаганын, аны арзандатууну талап кылышууда. Полиция демонстранттарды таратууга аракет кылып, аларга каршы күч колдонгону кабарланууда.

Copyright © 2017 Maral FM