Биз менен байланышыңыз

«Тазалыктын» дагы бир кызматкери айдоочунун айынан каза болду

Кыска кабар | 4 Янв 2022 | 791 | 0
Иллюстрациялык сүрөт

Бишкек мэриясына караштуу «Тазалык» муниципалдык ишканасынын дагы бир кызматкери иш учурунда каза болду. Бул тууралуу 4-январда Патрулдук милициянын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, жол кырсыгы эртең мененки саат 08:15 чамасында болгон. 1981-жылы туулган Р.Г аттуу жаран «Тойота Пробокс» үлгүсүндөгү унаасы менен бара жаткан. Ал Шабдан баатыр көчөсүн шыпырып жүргөн 1987-жылы туулган К.С. аттуу кызматкерди сүзүп алган, ал жеринде мерт кеткен.

Айдоочу милиция бөлүмүнө жеткирилип, унаасы убактылуу кармоочу жайга киргизилген. Учурда керектүү экспертизалар дайындалганы кабарланды.

Бул акыркы убакта айдоочулардын айынан каза тапкан үчүнчү «Тазалык» кызматкери. Буга чейин 18-декабрга караган түнү мас айдоочу «Тазалыктын» кызматкерин сүзүп, жабырлануучу алган жаракатынан улам каза болгон.

12-декабрда эртең менен саат 06:45 чамасында Жибек Жолу жана Осмонкул көчөлөрүнүн кесилишине жакын жерде Mazda унаасынын айдоочусу жолдогу «Тазалык» ишканасынын кызматкерин сүзүп кетип, ал мерт кеткен.

Copyright © 2017 Maral FM