Биз менен байланышыңыз

Бизнести пландуу текшерүү кайра жанданды

Кыска кабар | 3 Янв 2022 | 400 | 0

Пандемия учурунда ишкерлерди колдоо максатында кабыл алынган мораторийдин мөөнөтү аяктагандыктан, 2022-жылдын 1-январынан тарта бизнести пландуу текшерүүлөр кайра жанданды.

Эскерте кетсек, өкмөт 2019-жылдын 1-январынан тарта текшерүүгө тыюу салуу чечимин кабыл алып, 2020-жылдын аягында бул мөөнөт дагы бир жылга узартылган.

Кыргызстанда эки жылдан бери ишкерлер 10 ыйгарым укуктуу орган тарабынан текшерүүдөн бошотулган болчу.

Алар:

  • Соцфонд
  • Монополияга каршы жөнгө салуу мамлекеттик агенттиги
  • Отун-энергетикалык комплексти жөнгө салуу боюнча мамлекеттик агенттик
  • Финансы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө мамлекеттик кызматы
  • Ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциясы
  • Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекция
  • Финансы министрлигине караштуу Баалуу металлдар департаменти
  • Саламаттык сактоо министрлигине караштуу Дары-дармек менен камсыздоо жана медициналык техника департаменти
  • Саламаттык сактоо министрлигине караштуу оорулардын алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл департаменти
  • Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлигинин этил спиртин, алкоголдук жана спирттүү продукцияны өндүрүүнү жана жүгүртүүнү жөнгө салуу, көзөмөлдөө бөлүмү.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM