Биз менен байланышыңыз

Элчилик: Москвадагы мушташка байланыштуу 15 кыргыз жараны кармалды

Кыска кабар | 3 Янв 2022 | 670 | 0
Москва шаарынын түштүк-чыгышында 1-январда мигранттар арасында болгон массалык мушташ тууралуу Кыргызстандын Орусиядагы элчилиги билдирүү таратты. Аталган мушташта кыргыз жарандары да катышканы белгилүү болгон.
Ушул жылдын 2-январында Элчиликтин кызматкерлери окуянын чоо-жайын тактоо жана Кыргыз Республикасынын жарандарына консулдук-укуктук жардам көрсөтүү максатында Россиянын Ички иштер министрлигинин Текстильщики райондук бөлүмүнө барышты.
Москва полициясы менен өз ара аракеттенүү уланууда. РИИБге Кыргызстандын 15 жараны жеткирилген. Элчиликтин юристтеринин жардамы менен Кыргызстандын бир жаранына медициналык жардам көрсөтүлдү. Тергөөгө чейинки текшерүү жүрүп жатат, анын жыйынтыгы боюнча окуянын катышуучуларына карата чаралар көрүлөт.

Copyright © 2017 Maral FM