Бүгүн, 31-декабрда жасалма документ алып жүрүүгө шектелип, Бишкектен бир жаран кармалды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Атайын операциянын жүрүшүндө ИИМдин ички иликтөө кызматкерлери 1988-жылы туулган У.Д.ны колго түшүргөн. Ал мыйзамсыз жол менен милиция кызматкеринин күбөлүгүн жасатып алган.
Шектүүнү тинтүүдө белгисиз үлгүдөгү тапанча 8 огу менен, ошондой эле күмөндүү күбөлүк табылган. Ошондой эле унаасынан «Ички иштер министрлиги» деген жазуусу бар кара жилет алынган.
Учурда бул боюнча тиешелүү соттук экспертиза дайындалды. Шектүү убактылуу кармоочу жайга киргизилди.